COVID-19дан дагы 11 бейтап көз жумду — аймактар боюнча көрсөткүч

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Акыркы суткада COVID-19га чалдыккан дагы 11 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб 5-августта билдирди.

Бишкек шаарында коронавирус жуктурган беш киши каза болду. Ошондой эле, Ош шаары, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында — бирден жана Баткен облусунда — эки бейтап кайтыш болду.

Буга чейин өкмөт пневмонияны коронавирус инфекциясы пайда кылаарын моюндаган. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1 438 киши көз жумду — 30-июлдагы маалыматка караганда алардын арасында 73 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 38 110го жетти. Жалпысынан 29 509 киши аталган илдеттен сакайды.