Базар-Коргон районунда жүргөн сел он үйдүн короосуна кирди

«Короче» телеграм каналына жарыяланган тасмадан скрин

5-августта Жалал-Абад облусунун Арсланбап айылындагы он турак жайдын короосун сел каптап кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Кечки саат 19:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары аталган айылдагы бир сарайдын дубалын бузуп, мындан сырткары бир электр мамычасын кулаткан. Ошондой эле сел Базар-Коргон районунун унаа жолдорун жана Кызыл-Алма сел өтүүчү сайынын 200 метр аралыгын кум-шагылга толтурган.

«ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, айыл аймактан бир экскаватор жана 50 жергиликтүү тургундун жардамы менен сел сууларынын нугу бурулуп, үч турак жайдын короосу тазаланды. Селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылат», — деп жазылат маалыматта.

«Короче» телеграм каналына жарыяланган тасмадан сел бир нече турак жайлардын короолорун жана айылдын жолдорун каптаганын көрүүгө болот.

Буга чейин 26-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунда каттуу жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн. Натыйжада аталган райондогу алты көпүрө жараксыз абалга келген. Ошондой эле атлаган облустун Лейлек районунда да 12-июлда сел жүрүп, селдин кесепетинен улам 69 млн сомдук зыян келтирилгени белгилүү болгон.