COVID-19дан сегиз бейтап көз жумду — аймактар боюнча көрсөткүч

Иллюстративдик сүрөт

Акыркы суткада COVID-19га чалдыккан дагы сегиз бейтап көз жумду. Анын ичинен бир маркумдан COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган жети бейтап пневмонияга чалдыккан. Бул тууралуу республикалык штаб 9-августта билдирди.

Бишкек шаарында коронавирус жуктурган төрт киши каза болду. Ошондой эле, Ош жана Ысык-Көл облустарында — бирден, Баткен облусунда — эки бейтап кайтыш болду.

Буга чейин өкмөт пневмонияны коронавирус инфекциясы пайда кылаарын моюндаган. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1 468 киши көз жумду — 30-июлдагы маалыматка караганда алардын арасында 73 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 39 919га жетти. Жалпысынан 31 822 киши аталган илдеттен сакайды.