Новосибрсктен Ошко дагы 154 кыргызстандык кайтып келди

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Кыргызстандыктарды Орусиянын Новосибирск шаарынан алып келген чартердик каттам Ош шаарына 8-августта конду. Мекенине кайтууну каалагандардын ичинде үч дарыгер бар. Алар коронавирус менен күрөшүүдө кесиптештерине жардам беришет.

Кыргызстандыктар мекенине кайтуу үчүн буга чейин жеке арыз менен Кыргызстандын Башкы консулдугуна кайрылышкан. Бул каттам менен Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк-Сахалинск, Хабаровск, Владивосток, Чита шаарларында жүргөндөр келишти.

«Орусияда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, оор илдеттен жабыркаган жана буга чейин Орусияга хирургиялык операция жана башка олуттуу медициналык процедураларды жасатууга келген жарандар, жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу кайтууга мажбур болгон жарандар келди», — деп жазылат Республикалык штабдын маалыматында.

Мындан сырткары аталган чартердик каттам менен Новосибрсктеги мекендештер тарабынан 800 миң рубль өлчөмүндөгү медициналык каражаттар келди.

Коронавирус дүйнө жүзү боюнча кескин жайылып баштаганынан улам көптөгөн өлкөлөр эл аралык авиакаттамдарды токтотушкан. Буга байланыштуу чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар мекенине кайта албай калышты. Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын кайтаруу үчүн чартердик каттамдарды уюштурууну улантууда.

Кыргызстан башка өлкөлөрдөй эле коронавирус пандемиясынан улам март айында чек араларын жаап, эл аралык жана ички авиакаттамдарды токтоткон — алар 5 айга чукул иштебей келет. Бирок «Манас» аэропорту жүк жана чартердик рейстерди тейлеп жатат. 8-июндан тарта Кыргызстанда бардык ички авиарейстер иштеп баштаган.

29-июлда Кыргызстан Түркия, Казакстан, Орусия жана БАЭ өлкөлөрүнө августтан тарта авиакаттамдарды ачып, жумасына бир нече каттам уюштурууну сунуштаган. 3-августта бул өлкөлөр авиа каттамдарды азырынча жандандыруудан баш тартканы белгилүү болгон.

Бирок 5-августа Түркия Кыргызстан менен аба каттамдарын жарым-жартылай жандандырды. Стамбул — Бишкек — Стамбул аба каттамы жумасына эки жолу учуп турат.

Мурдараак премьер-министр Кубатбек Боронов эпидемиологиялык кырдаал турукташса, биринчи кезекте Орусия, Түркия жана БАЭ менен авиакаттамдар жанданаарын билдирген.