Алайда 31 жаштагы милиционер Азамат Сыдыков каза болду

Азамат Сыдыков

Ош облусунун Алай РИИБнин криминалдык кызматынын ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын ага лейтенанты Азамат Сыдыков 9-августта каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

«Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат», — деп жазылат Ош ОИИБнин билдирүүсүндө.

31 жаштагы милиционер Ош шаарындагы «Кыргызстандын 40 жылдыгы» атындагы мектебин 2006-жылы аяктаган. Ошол эле жылы ал Ош мамлекеттик университетинин «Бизнес жана менеджмент» факультетине тапшырып, 2010-жылы аяктаган.

Сыдыков эмгек жолун ички иштер органдарында 2010-жылы баштап, Ош ОИИБдин Кайгуул күзөт кызмат батальонуна кирген. Кийинчерээк ал Ноокат, Кара-Суу РИИБинде жашы жете электер менен иштөө инспектору, милициянын айылдык тескөөчүсү кызматтарын аркалаган.

Сыдыковдун артында 1 уул жана 1 кызы калды.