Видео: Жалал-Абад облусунун Терек-Сай айылын кайрадан сел каптады

Жалал-Абад облусунда кайрадан сел жүрдү. «Сейчас KG» телеграм каналы Терек-Сай айылында 8-августта жүргөн селдин видеосун жарыялады. Аны күбөлөр тартып алган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Жалал-Абад облусунун Арстанбап аттуу башка айылында сел жүргөнүн маалымдаган. Окуя болгон жерден тартылган видеону «Короче» телеграм каналы жарыялаган.

Окуя 5-августта саат 19:00гө жакын тоолордогу нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон. Табият кырсыгынын кесепетинен 10 турак үйдүн короолорун суу каптап, бир сарайдын дубалы урап түшкөн. Жабыркагандар жок.

Мындан тышкары, 1,2 километрге созулган жолду ылай каптап, бир электр устуну кулаган. Кырсыктын кесепетин жоюуга ӨКМдин ыкчам тобу, атайын техника жана 50 жергиликтүү тургун тартылды.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Жалал-Абад облусунда жүргөн сел 6,3 млн сом зыян келтирген.

Суу ташкыны Ала-Бука районунда 1,2 млн сомго, Аксы районунда 3,7 млн сомго, Ноокенде 1,3 млн сомго, Базар-Коргон районунда 100 миң сомдон ашуун зыян келтирген. Ал эми Сузак району селден жабыркаган эмес.

Сел айдоо жерлерин, турак жайларды каптап, жалпысынан 53 баш малды агызып кеткен.

Мындан тышкары суу ташкыны Баткен облусунда да жүргөн. Жаратылыш кырсыгы келтирген зыян 55 млн 276 миң сомго бааланган.