Жээнбеков өкмөткө COVID-19дун экинчи толкунуна даярдык көрүүнү тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-августта премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрүп, аны менен учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды жана COVID-19дун экинчи толкунуна даярдыктарды талкуулады.

Боронов президентке акыркы күндөрү «коронавирус инфекциясын жуктургандардын жана андан каза болгондордун саны төмөндөгөнү байкалып жатканын» айтып берди. Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаалга көз салып туруу жана өлкөдө COVID-19дун таралышын болтурбоо тапшырмасы коюлган жергиликтүү бийликтердин арты менен ушундай жыйынтыктарга жетишти.

Жээнбеков өлкөдө кырдаал жакшырганына карабастан, ишти күчөтүлгөн тартипте жүргүзө берүү керектигин белгиледи. Анын айтымында, өкмөт экинчи толкунга даярдыктарды көрө башташ керек. Окумуштуулардын божомолу боюнча экинчи толкун 2020-жылдын күз мезгилинде башталышы мүмкүн.

«Дары-дармектер менен камсыздоо маселеси өкмөттүн туруктуу көзөмөлүндө болушу керек, анткени кырдаал күтүлбөгөндөй өнүгүп кетиши мүмкүн. Өткөн айларда байкалган дары-дармектердин жетишсиздиги биз үчүн сабак болушу керек», — деди ал.

Жээнбеков биринчи толкун учурунда негизги азык-түлүктөргө болгон баанын өсүшүн талдап, аны ар дайым көзөмөлдөп туруу зарылдыгын эскертип өттү.

«Негизги азык-түлүктүн баасынын өсүп кетишин анализдеп, алардын бааларын дайыма көзөмөлдөп туруш керек. Азык-түлүктүн баасын жасалма көтөрүп жиберүүгө жол бербөөнү өтүнөм», — деди Жээнбеков.

Президент өкмөт медициналык кызматкерлерге эмгек акыларын жана компенсацияларды өз убагында берип туруш керектигин айтты.

Коронавирустун Кыргызстанда жайылышы

Өлкөдө коронавирустун алгачкы учурлары 2020-жылдын март айында аныктала баштаган. Бийлик ошондо чек араларды жаап, өлкөгө кайтып келген кыргыз жарандарына карата көзөмөлдү күчөткөн.

Бийлик ири шаарларда өзгөчө абал режимин киргизип, жарандардын жүрүүсүн чектеген. Мындай кадамдар өлкөдө инфекция жуктуруунун учурлары аз болуп турганда кылынган.

Өлкө мындай режимде бир жарым ай жашаган. Май айында, вирус жуктуруу учурлары азайганда, бийлик чектөөлөрдү алып койгон. Бул коронавирустун көбөйүшүнө алып келип, июндун аягында Бишкектин бардык ооруканалары бейтаптарга толгон.

Кыргыз бийлигинде даярдык көрүүгө бир айдан ашык убакты бар болгонуна карабастан, коронавирус жуккандардын санынын өсүшүнө өкмөт даяр эмес болуп чыкты. Ооруканаларда медперсоналдын жетишсиздиги байкалгандыктан, өлкөнүн бардык дарыгерлери алынын жетишинче иштеп жатат. Мындан тышкары медицина жабдуулары жана дары-дармектер да тартыш болгон.

Коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө дарыгерлерге көмөктөшүү максатында ыктыярчылар менен кайдыгер эмес жарандар бириге башташкан. Алар бейтаптар үчүн күндүзгү стационарларды ачып, ооруган адамдарга көчөдө эле жардам берип, медициналык препараттарга жана жабдыктарга акча чогултушкан.

Июлдун аягына жакын кырдаал турукташып, ооруканаларда бош орундар пайда боло баштаган. Коронавируска кабылгандардын статистикасы да, бир суткада оорудан каза болгон бейтаптардын саны да азайган.

11-августка карата, өлкө боюнча коронавируска кабылган 40 455 адам катталган. Алардын ичинен оорудан 1 478 бейтап каза болуп, 32 764 адам айыгып кеткен.