Кыргызстандын ТИМи Беларустун элчилигине нота тапшырып, Данияр Үсөновду өткөрүп берүүнү талап кылды

11-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларустун Бишкектеги элчилигинин өкүлүн чакырып, Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Беларустун учурдагы президенти Александр Лукашенко менен чогуу жүргөндүгү боюнча түшүндүрмө талап кылды. ТИМдин маалыматы боюнча Үсөнов мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Кыргызстандын ТИМи мындай аракеттер «Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы достук мамиленин өнүгүшүнө, эффективдүү өз ара пайдалуу кызматташтык түзүүгө залал тийгизет» деп белгиледи.

Ведомство Беларусь элчилигине тиешелүү нота тапшырып, Данияр Үсөновдун «жана Беларуста жүргөн башка тиешеси бар адамдардын» тез арада кармалышы жана өткөрүп берилиши боюнча чара көрүүгө чакырды.

Беларустун президенти Александр Лукашенко 10-августта «Беларустун улуттук биотехнологиялык корпорациясы» (БУБК) ишканасына иш сапары менен барган. Лукашенко менен жолугушууда тартылган сүрөткө БУБКтун жетекчиси — Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов да түшүп калган. Ал Даниил Тимурович Урицкий деген ат менен да таанымал.

Даниил Урицкий БУБК ишканасын жетектегенде 2016-жылы эле Беларустун ЖМКлары ага көңүл бурушкан. Журналисттер Урицкийдин Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов менен окшоштугу жөнүндө жазып чыгышкан.

Урицкий-Үсөнов өзү naviny.by басылмасына курган маегинде чыныгы премьер Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда каза болгон деп билдирген.

БУБК — 2016-жылы ачылган Белорусиянын мамлекеттик ишканасы. Ал өзүнүн жана чет элдик каражаттардын эсебинен Беларустун агро өнөр жайына 1 млрд доллар салууну көздөгөн.

2016-жылы эле Беларустун басылмалары Бакиевдердин кланы менен БУБКнын байланышы тууралуу жазып чыгышкан. Алар корпорациянын акционерлеринин арасында Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев жана анын уулдары — Марат менен Максим бар болушу мүмкүн деп эсептешкен.

Бакиев өзү 2010-жылы Кыргызстандын президенттигинен кулатылган, кийин ал Беларустан саясий башпаанек алган.

2010-жылдын апрель окуялары боюнча 28 адам соттолгон. Анын ичинде Курманбек Бакиев (сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган), анын бир тууган иниси жана Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-башчысы Жаныш Бакиев (өмүр бою эркинен ажыратылган) бар. Мындан тышкары, Бакиевдин уулдары — Марат менен Максимге да сыртынан эркинен ажыратылган.

Анын улуу уулу Марат дагы Беларуста, Раубичи аттуу элиталык айылда жашайт. Ал эми Максим Англиядагы Суррей графтыгында, беш млн долларлык хан сарайда жашайт.

Ошол эле учурда алардын бирөө дагы күнөөлүү деп табылган кылмыштары үчүн жазага тартылган эмес. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аларды экстрадициялоо боюнча аракет кылып жатканын бир нече жолу маалымдаган.

ТЕМА БОЮНЧА: Лукашенко Бакиевдерге байланыштуу ишканада Данияр Үсөнов менен жолукту

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.