Беларус ЖМКсы: Курманбек Бакиев биотехнологияга инвестиция салды

Беларус басылмалары экс-президент Курманбек Бакиевди миллиарддаган көлөмдүү биотехнологиялык корпорацияга инвестиция салган акционерлердин бири деп атады.

«Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясы» (БУБК) миллиарддаган көлөмдүү инвестициясы менен агрардык өнөр жай комплексинин курулушун жүргүзүүдө. 160 гектар жерди ээлеген комплекс Руденск шаарынын жанында курулууда.

Беларус ЖМКсы акционерлердин арасында экс-президент Курманбек Бакиев жана анын балдары Марат менен Максим да болушу мүмкүн деп эсептешет. TUT.by басылмасы жазгандай, Бакиев жана анын уулдары бийликте турган кезинде ушундай эле долбоорду ишке ашыруу менен алектенишкен.

ТЕМА БОЮНЧА: Bloomberg: Гуревич Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн коррупциялык схемалары жөнүндө китеп жазууда

TUT.by басылмасынын булагынын ою боюнча, Бакиевдер — тышкы каржылоону камсыз кылган мекеменин башкы акционери. Август айында эле Белта беларус басылмасы жазгандай, долбоорго кытай банктарын да тартып жатышкан болчу.

Беларус басылмасынын булагы берген маалыматтар боюнча, биотехнологиялык корпорациянын акционерлери Курманбек Бакиев жана анын балдары, анын ичинде Англияда жашаган Максим Бакиев да болуп эсептелет. Сүрөт: Tengrinews.kz

Naviny.by маалымат агенттиги жазгандай, БУБКнын эң ири акционери 33 пайыздык үлүшү менен Минск облустук аткаруу комитети болуп калган.

Долбоорго эки канадалык компания да тартылган — Biotech Agriculture International Inc. менен Agro Industries International Inc. Биринчиси акциялардын 27 пайызына ээ болсо, кийинкиси — 25. Андан сырткары орусиялык «Вирен-Инвест» компаниясы да акциялардын 15 пайызына ээлик кылат.

Эки канадалык компания тең Монреалдагы бир эле даректе катталган. Алардын башкы акционери болсо чуулгандуу «Панама архивинде» аты аталган Pregan Foundation компаниясы болуп саналат.

ТЕМА БОЮНЧА: «Панама документтеринин» маалыматтар базасы жарыяланды

«Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясы» жабык акционердик коому 2016-жылдын 11-августунда каттоодон өткөн. Беларус министрлеринин совети Минск облустук аткаруу комитетине БУБК менен инвестициялык келишим түзүү үчүн ыйгарым укук берген.

Mossack Fonseca юридикалык компаниясынын купуя маалыматтарынын сызылып чыгышы дүйнөдөгү саясатчы жана бизнесмендердин коррупциялык схемаларын ачыкка чыгарды.

Долбоор Беларустун Пуховическ районундагы Руденск шаарына жакын жерде ишке ашырылат. Лизина, треонина жана триптофана — аминокислота өндүрүүчү заводдор курулуп, комби тоют чыгаруучу, май чыга турган өсүмдүктөрдү кайра иштетүүчү завод, ошондой эле дан сактоочу комплекс менен автокомбинат салынмакчы.

Андан сырткары илимий изилдөөчү лаборатория да курулмакчы. 300 гектар аянтты ээлеген жерде дан, буурчак жана май чыга турган өсүмдүктөр өстүрүлөт.

«Жыйынтыгында жаңы өндүрүш пайда болуп, импорттун ордун толтурган продукция чыгарылат. Андан сырткары миңдеген жумуш орундары түзүлүп, Руденсктин мындан аркы өнүгүүсүн камсыздайт», — делет президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Долбоор 2016-2032-жылдарга каралган. Муну менен инвесторлор жеңилдиктерден пайдалана алышат. Мисалы долбоорго берилген жер аукционсуз ижарага берилет, дыйкан жана токой чарбасын өндүрүүдө алып келген жоготууларды төлөп бербейт.

БУБКнын юридикалык дареги (Марьина Горка, Ленинская көчөсү, 47-үй) Пуховическ райондук аткаруу комитетинин жайгашкан жерине туура келет.

Беларуста Курманбек Бакиев жана анын жубайынан тышкары анын бир тууганы Жаныш Бакиев жана уулу Марат Бакиев үй-бүлөсү менен турат. Сүрөт: Sputnik Беларусь

Курманбек Бакиевдин «экинчи аялы» Назгүл Төлөмүшеванын айтымында, жолдошунун акционердик ишмердүүлүгү туурасында эч нерсе билбейт.

Курманбек Бакиев Кыргызстандын президенттигинен 2010-жылы түшүрүлүп, Беларустан саясий башпаанек тапкан. Ар расмий түрдө 2010-жылдан бери жумушсуз болуп, «экинчи аялы» жана кичинекей балдары менен алгач беларус президенти Александр Лукашенконун резиденциясында жашаса, кийинчерээк Минсктин элиталык району Дроздыга көчүп кеткен.

Анын чоң уулу Марат Беларустагы элиталык делген Раубичи кыштагында турса, Максим беш миллион АКШ долларын чапчыган Англиядагы Суррей графтыгында жашайт.

Кыргызстандын Жогорку соту тарабынан Бакиев кызмат абалынан кыянат пайдаланганы жана 2010-жылдын 7-апрелинде демонстранттарга ок чыгарганы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул өкүм 2016-жылдын 29-июлунда 30 жыл абак жазасына өзгөртүлгөн.

Экс-президенттин кичүү уулу Максим Бакиев дагы сырттан 30 жыл абак жазасына кесилсе, анын агасы Марат 22 жылга кесилген.

Башкы сүрөт: BBC.com

ТЕМА БОЮНЧА: