Лукашенко Бакиевдерге байланыштуу ишканада Данияр Үсөнов менен жолукту

Беларусь президентинин аппаратынын басма сөз кызматы расмий сайтында президент Александр Лукашенко 10-августта иш сапары менен Минск облусунун Пуховичский районуна барганы тууралуу кабарлады.

Ал «Беларустун улуттук биотехнологиялык корпорациясы» (БУБК) инвестициялык долбоорлорду кантип ишке ашырып жатканы менен таанышты. Лукашенко менен жолугушууда тартылган сүрөткө БУБКтун жетекчиси — Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов да түшүп калган. Ал Даниил Тимурович Урицкий деген ат менен да таанымал.

Сүрөт: Беларусь президентинин расмий интернет порталы

БУБК ишканасы менен Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн байланышы тууралуу Беларустун ЖМКлары 2016-жылы эле жазып чыгышкан.

Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, жолугушууда Александр Лукашенкого учурдагы жана пландалган иштер тууралуу маалымат беришкен. Учурда беларусиялык өндүрүүчүлөрдөн БУБК ишканасына дан жеткирүү логистикасына жана сатып алууга өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Бул жерде бир жылда 700 миң тонна дан кайра иштетилим, алгачкы жеткирүүлөр жакынкы күндөрү башталаары пландалууда.

Лукашенко БУБК ишканасынын заводундагы жолугушуу учурунда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу жана андан кийинки нааразычылык акциялар боюнча биринчи жолу билдирүү жасады.

Лукашенко өзү президенттик шайлоо майрамдай өткөнүн айтты. Ошол эле учурда, ал «кимдир бирөөлөр» — чет өлкөдөгү жетекчиликтин алдында — бул майрамды бузгулары келишкенин белгиледи. Ошондой эле Лукашенко митингдер тыштан башкарылып турган деп эсептейт.

«Биз аларды көрдүк — алар ушул түнү дагы жарык болуп жаркырашты. Биз чет өлкөдөн келген чалууларды жазып алдык. Польшадан, Улуу Британиядан жана Чехиядан чалуулар болду. Кечирип коёсуздар, биздин койлорду башкарышты: алар эмне кылып жатышканын түшүнүшпөйт, ошондуктан аларды башкара башташат», — деди Лукашенко.

Лукашенко каршылык акцияларынын уюштуруучулары «Минсктин борбордук бөлүгүндө өрт коюуга» аракет кылышканын, бирок мындан майнап чыкпаганын кошумчалады.

«ОМОНдун 25ке чукул кызматкери жаракат алды. Колдору, буттары сынгандары бар. Бул балдарды атайын токмоктошкон. Алар жооп беришти. Эми боздоп ыйлап эмне кылабыз? Ошондуктан жооп адекваттуу болот. Өлкөнү туш-туштан талоого жол бербейбиз», — деди ал.

Беларустагы президенттик шайлоо

Беларустагы шайлоо 9-августта өттү. Беларустун БШКсы шайлоонун жыйынтыктарын ачыктаган. Ага ылайык, Лукашенко добуштардын 80,2%ына, ал эми анын башкы атаандашы Светлана Тихановская добуштардын 9,9%ына ээ болгон.

Кечкисин массалык нааразычылык акциялары башталган. Себеби жарандар шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушкан. Күч түзүмдөрү митингчилерге каршы көздөн жаш агызуучу газды, катуу үн чыгаруучу гранаталарды, суу аткычтарды жана резина окторду колдонушкан.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, атайын машина митингчилерди коюп кетип, бир адам каза тапкан. Бирок ИИМ бул билдирүүнү фейк деп атады.

ИИМдин расмий маалыматына караганда, нааразычылык акциялар өлкөнүн 33 шаарында өтүп, 3 миңден ашуун адам кармалды. Минск шаарында бир түндүн ичинде миңге чукул жаран кармалган.

Милиция 50дөн ашуун митингчилер жабыркаганын маалымдады. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын 39 кызматкери жаракат алган.

Үсөнов — Урицкий

Беларусь ЖМКлары Даниил Урицкийге 2016-жылы эле көңүл бурушкан. Ал бул жылы БУБК ишканасын жетектеп баштаган.

БУБК — 2016-жылы ачылган Белорусиянын мамлекеттик ишканасы. Ал өзүнүн жана чет элдик каражаттардын эсебинен Беларустун агро өнөр жайына 1 млрд доллар салууну көздөгөн.

Журналисттер Урицкийдин Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов менен окшоштугу жөнүндө 2017-жылы декабрда жазып чыгышкан.

2018-жылы БУБКтун ачылышында Даниил Урицкийдин сүрөтү жарыяланган эле:

Үсөнов-Урицкий «Беларустун улуттук биотехнологиялык корпорациясынын» ачылышында. Сүрөт: Вадим Замировский / TUT.BY

Урицкий-Үсөнов өзү naviny.by басылмасына курган маегинде чыныгы премьер Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда каза болгон деп билдирген.

Данияр Үсөнов ысымын Даниил Урицкийге өзгөртүп алган деп ишенген Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларусь аны өткөрүп берүүдөн баш тартканын билдирген. Беларусь бийлиги чечимин Үсөнов-Урицкийди өткөрүп берүү талабы «саясий куугунтуктоого» байланыштуу деп түшүндүргөн. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы буга карабастан Үсөновду экстрадициялоо боюнча ишин уланта берерин маалымдаган.

Үсөнов президент Курманбек Бакиевдин тушунда 2009-жылдан тарта премьер-министрлик кызматты ээлеп келген. Ал 2010-жылы апрелде бийлик алмашкандан кийин Кыргызстандан Беларуска качкан. Ал 80ден ашык адам набыт болгон төңкөрүш күнү каршылыкка чыккандарды аттырган деп айыпталып ю, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган.

Андан сырткары, Үсөнов Бишкек мэри болуп турган кезде ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп айыпталууда — бул үчүн ал 15 жыл абакка кесилип, мүлкүн конфискациялоо өкүмү чыккан.

Бакиевдер жана БУБК

2016-жылы эле Беларустун алдыңкы басылмалары Бакиевдердин кланы менен БУБКнын байланышы тууралуу жазып чыгышкан. Алар корпорациянын акционерлеринин арасында Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев жана анын уулдары — Марат менен Максим бар болушу мүмкүн деп эсептешкен.

Курманбек Бакиев муну төгүндөп, жумушсуз (же консультант) экенин, ал эми үй-бүлөдө негизги кирешени анын экинчи аялы Назгүл Төлөмушева алып келерин бир нече жолу билдирген.

«БелаПАН» басылмасынын маалыматы боюнча, 31 жаштагы Кыргызстандын атуулу Асылбек Салиев — Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин уулу — шотландиялык оффшорлор аркылуу БУБКтун 22,5%дык үлүшүнө ээлик кылат.

Мындан тышкары, БУБКтун дагы бир кыргызстандык менен байланышы бар — Бакиевдин убагында ачылган Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фондунун финансылык директорунун кызматында иштеген Рифат Утюшев.

Кулатылган президент

Курманбек Бакиев 2005-жылдын 24-мартындагы революцияда Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев кулатылгандан кийин бийликке келген.

Бакиев өзү дагы 2010-жылы Кыргызстандын президенттигинен кулатылган, кийин ал Беларустан саясий башпаанек алган.

2010-жылдын апрель окуялары боюнча 28 адам соттолгон. Анын ичинде Курманбек Бакиев (сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган), анын бир тууган иниси жана Мамлекеттик күзөт кызматынын экс-башчысы Жаныш Бакиев (өмүр бою эркинен ажыратылган) бар. Мындан тышкары, Бакиевдин уулдары — Марат менен Максимге да сыртынан эркинен ажыратылган.

Анын улуу уулу Марат дагы Беларуста, Раубичи аттуу элиталык айылда жашайт. Ал эми Максим Англиядагы Суррей графтыгында, беш млн долларлык хан сарайда жашайт.

Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган жээни Асылбек Салиев дагы Беларустун жараны болуп эсептелет.

Ошол эле учурда алардын бирөө дагы күнөөлүү деп табылган кылмыштары үчүн жазага тартылган эмес. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аларды экстрадициялоо боюнча аракет кылып жатканын бир нече жолу маалымдаган.

ТЕМА БОЮНЧА: