Солдон оңго карай: Чыңгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморов жана Жамал Ташыбекова

Мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова 11-августта 83 жашында каза болду.

Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, Ташыбекова 1980-1986-жылдары Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри болуп эмгектенген.

Ал 1937-жылы 29-августта Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1960-жылы Москванын жеңил өнөржайы техникалык институтун инженер-технолог адистиги боюнча аяктаган. 1961-1991-жылга чейин Советтер союзунун коммунистик партиясынын мүчөсү болгон.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова Жамал Ташыбекова анын устаты экенин айтып эскерди.

«Кош бол эже, менин устатым, жашоомдун, тагдырымдын ийгилик тарапка бурулушунда чоң роль ойногон асыл инсан, мамлекеттик, коомдук ишмер», -деп жазды ал.

Жолдошова андан сырткары кош бол деп айтуу ага оор болуп жатканын, эпидемияга байланыштуу аны акыркы сапарга татыктуу узата албай калганына өкүнгөнүн белгилеген.

Кош бол эже, менин устатым, жашоомдун, тагдырымдын ийгилик тарапка бурулушунда чоң роль ойногон асыл инсан, мамлекеттик,...

Posted by Жылдыз Джолдошова on Tuesday, 11 August 2020

Жамал Ташыбекова эмгек жолун Октябрдын 40 жылдыгы тигүү фабрикасында мастерден баштап, цехтин жетекчиси, башкы инженер, «Киргизия» өндүрүш бирикмесинин башкы директорлугуна чейин көтөрүлгөн.

Кийин Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Ал эми 1980-1986-жылдары Кыргыз ССРинин тышкы иштер министри катары эмгектенген. Ошол эле учурда Кыргызстандын Республикалык аялдар кеңешинин төрайымы болгон.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин 1997-жылы өкмөттүн алдындагы Үй-бүлө, аялдар жана жаштар иши боюнча комиссиясын башкарган. 1999-2003-жылдары Кыргызстандагы аялдар уюмдары федерациясынын төрайымы болгон. Андан сырткары Маданият жана маалымат министрлигинин Достук үйүнүн директорлугун аркалаган.

Бир катар орден гана ардак грамоталарды алган. 2002-жылы «Тынчтык элчиси» ардактуу наамына татыган.