Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 304 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 14-августта коронавирустан 304 бейтап айыкканын кабарлады. Айыккандардын арасында 17 медицина кызматкери бар — алардын 14ү үй шартында дарыланышкан.

Илдеттен айыккандардын эң көбү Жалал-Абад облусунда катталды — 62. Ошондой эле, илдеттен Ош облусунда — 54, Ысык-Көл облусунда — 39, Баткен облусунда — 41, Чүй облусунда — 30, Нарын облусунда 20, Бишкек шаарында — 18 жана Талас облусунда — 13 бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 33 622 бейтап айыкты — бул жалпы оорулуулардын 81 пайызын түзөт — алардын ичинде 2 288 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 41 373кө жетти. Илдет 1 491 кишинин өмүрүн алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.