COVID-19 дагы 12 медикте тастыкталды. Коронавируска чалдыккан медкызматкерлердин жалпы саны 3018ге жетти

Акыркы сутка ичинде дагы 12 медикте коронавирус аныкталды. Алардын ичинен төртөө Баткен облусунда, үчөө Ошто, экөө Бишкекте жана бирден Ош, Ысык-Көл, Чүй облустарында катталды.

9 медик илдеттен айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Үй карантининен 18 медик чыкты.

Коронавируска кабылган медкызматкерлердин жалпы саны 3018ге жетти. Алардын ичинен 2315и айыгып, 70тен ашууну каза болду.

Коронавирус жуктуруп алган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө миллион сом компенсация каралган. Бирок, компенсацияны төлөп берерден мурда ССМге караштуу атайын комиссия ар бир учурда кылдат текшермекчи.

Саламаттык сактоо министрлиги азырынча 41 медкызматкерге жана каза болгон медиктердин эки үй-бүлөсүнө гана компенсация бергени белгилүү.

Өлкөдө коронавируска чалдыккан адамдардын саны 41 645ке жетти. Алардын ичинен 33 951и айыгып, 1 493 адам каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.