Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны 1 495ке жетти

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуккан эки бейтаптын өлүмү катталды. Бул тууралуу 16-августта Республикалык штаб билдирди.

Көз жумгандар Бишкек шаарында жана Нарын облусунда катталды.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19дан каза болгондордун саны 1 495ке жетти — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмониядан көз жумган бейтаптар кирет. Алардын арасында расмий түрдө 73 медицина кызматкери бар.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 41 856 адамга жукту. Ал эми жалпысынан илдеттен 34 306 адам айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.