Дарига Назарбаева уулу Айсултандын каза болгонун ырастады

Казакстан Сенатынын мурдагы төрайыма жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева уулу Айсултандын каза болгонун жазган ЖМКлардын билдирүүсүн ырастады.

Анын кайрылуусу Нурсултан Назарбаевдин фондунун фейсбуктагы барагында жарыяланган.

«Үй-бүлөм Айсултаныбыздан ажырап калганыбызга кайгырып турат. Биз үчүн ушундай оор учурда коомчулук абалыбызды түшүнүү менен кабыл алат деп үмүттөнөм», — деп айтылат билдирүүдө.

Казакстандын ЖМКлары Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултандын кайтыш болгонун 16-августта маалымдашты. Алдын ала маалымат боюнча маркумдун жүрөгү токтоп калган. «Власть» басылмасы өз булактары — президенттин администрациясынын жакындары аркылуу бул маалыматты ырастады.

Айсултан Назарбаев 1990-жылы туулган, ал 26-августта 30га чыкмак. Ал мурда футбол менен машыккан, мындан тышкары бизнесмен катары белгилүү болгон, бирок ЖМКларда көбүнчө чыр-чатактардан улам жана баңгизатка болгон көз карандылыгы менен чыгып турган.

Айсултан — Дарига Назарбаева менен бизнесмен Рахат Алиевдин уулу. Ал акыркы жылдары Нурсултан Назарбаев менен апасын атасынын өлүмүнө ачык айыптап келген (Алиев Казакстандагы коррупция тууралуу сотто айтып берүүнү убадалап, ага аз калганда бир кишилик камерада көз жумган). Мындан тышкары, Айсултан Назарбаев Дарига Назарбаеваны ишкер Кайрат Боранбаевге каршы жүргүзгөн «жашыруун согушка» ачык айыптаган. Айсултандын аялы Боранбаевдин кызы болгон.

2019-жылы Айсултан Назарбаев аны өз жанын кыюудан куткарууга аракет кылган полиция кызматкерин тиштеп алганы үчүн Лондондо сот болгон.

2020-жылдын февралында Айсултан Назарбаев Улуу Британиядан башпанек сураган.

«Улуу Британиядан саясий башпанек сурайм. Акыркы беш жылымды караңгы каптады. Чынында эмне болгонун жана эмнеге болгонун эл биле турган мезгил келди. Менде Орусия менен Казакстан өкмөттөрүнүн ортосундагы жогорку масштабдуу коррупция тууралуу маалымат бар. Казакстандын элинен уурдалган миллиарддаган АКШ долларлары тууралуу айтып жатам», — деп жазган ал ошол учурда.

Мындан тышкары, Айсултан чындыгында анын биологиялык ата-энеси Нурсултан Назарбаев менен анын ойношторунун бири экенин айткан.

ЖМКлардын маалыматына караганда, Айсултан Назарбаев Казакстанда эмес, Лондондо каза болгон.