Ош: Жардамга бараткан куткаруучулар кырсыктап, унаасы арыкка оодарылып калган

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында 11-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары кызматтык унаада жол кырсыгына кабылышты.

Маалыматты Ош облусу боюнча ЖКККБнан тастыктап, окуя Кара-Суу районунун аймагында болгонун билдирди.

«№101 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары кызматтык унаада бара жатып, айдоочу рулду башкара албай, жолдун четиндеги арыкка оодарылып кеткен. Куткаруучулар Отуз-Адыр айылындагы каналга түшүп кеткен унаадагы адамдарды куткарууга бара жатышкан», — деп жазылат билдирүүдө.

Кырсыктын кесепетинен 29 жана 62 жаштагы ӨКМдин кызматкерлери облустук ооруканага кайрылышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жаңы жагдайлар боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.