Өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 42 миңден ашты

Республикалык штаб 18-августа коронавирустун жаңы 155 учуру катталганын кабарлады. Илдетке чалдыккандардын арасында үч медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 40 (1 медкызматкер);

Ысык-Көл облусу — 24;

Жалал-Абад облусу — 24 (1 медкызматкер);

Ош облусу — 14;

Чүй облусу — 13;

Баткен облусу — 12;

Ош шаары — 11 (1 медкызматкер);

Нарын облусу — 11;

Талас облусу — 6.

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп алган жарандардын саны 42 146га жетти. Алардын ичинде 18 125 бейтапта вирус лабораториялык тастыкталган. Калган 24 021 киши ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 3 038 медициналык кызматкер бар.

Коронавиурсту жуктуруп алгандардын 34 885и — башкача айтканда 82 пайызы айыгып, 1 498 киши каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.