Баткенде пневмониядан улам 85 жаштагы бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-августта Баткен облусунун Лейлек районунда ооруканадан сырткары пневмониядан улам бир бейтап каза болгонун кабарлады.

Үсөнбаев 85 жаштагы маркумда коронавирус лабораториялык тастыкталбаганын белгиледи. Буга байланыштуу ал расмий статистикага киргизилген эмес.

Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 054 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген. Алгач COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайтты. Себеби, айры бейтаптар башка оорулардан көз жумганы белгилүү болгон

Каза болгогондордун арасында 30-июлдагы маалымат боюнча 73 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 42 507 учуру катталды. Ооругандардын 35 486сы илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.