ДССУ: COVID-19ду вакцина эмес, адамдардын жеке жоопкерчилиги жеңет

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европадагы бюросунун башчысы Ханс Клюге 20-августта өткөн брифингде билдиргендей, коронавирус эч жакка кеткен жок жана ал киргизилип жаткан чектөөлөр менен гана артка чегинүүдө.

«ДССУ Вакциналар боюнча глобалдык альянс жана башка өнөктөштөр менен биргеликте вакцинанын табылышын ылдамдатып жана координациялап турат. Пандемия ар бирибиз жоопкерчилик алып, вируска кандай мамиле кылыш керектигин үйрөнгөн күнү бүтөт. Бул бизден көз каранды. Ал күн эртең келип калышы да мүмкүн», — деди Клюге.

ДССУнун Европадагы бюросунун башчысы белгилеп кеткендей, июль айында Европа өлкөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнүн аймактарында вирус жуктуруу кайрадан күчөп баштагандыктан, кайрадан адамдардын көп чогулушуна чектөөлөр жана дем алыш күндөргө коменданттык саат киргизилди.

Бирок мындай чаралар белгилүү бир аймакка киргизилүүдө, бул бир убакта эле COVID-19га каршы күрөшүүгө жана өлкөнүн экономикасын кармап турууга мүмкүндүк берет.

Европа аймагында августтун биринчи аптасында июнь айындагы ушундай эле мезгилге караганда 40 миң жуктуруу учуруна көп катталган.

«Учурда Европа аймагында COVID-19дун орточо эсеп менен күн сайын 26 миңден ашуун жаңы учурлары катталууда. Бир жагынан мындай статистика коомдук саламаттык коргоо жана коомдун жашоосун көзөмөлдөө тармактарындагы чаралардын жеңилдетилиши менен шартталган: бийлик чектөөлөрдүн бир бөлүгүн алып салаары менен адамдар кенебестик менен мамиле кылышууда», — деди Клюге.

Ал өлкөлөрдө мындай кырдаалдын кайталанышын алдын алуу үчүн ДССУ сунуштаган жалпы улуттук туруктуу чараларды белгиледи:

  • масштабдуу тестирлөө;
  • ооругандардын баарын обочолотуу;
  • байланышта болгондорду аныктоо;
  • аларды 14 күнгө карантинге алуу.

«Негизги жалпы улуттук жана кошумча максаттык чаралардын айкалышынын аркасы менен биз инфекциянын ушундай жергиликтүү тутанууларын жок кылуу үчүн кыйла көп мүмкүнчүлүккө ээ болобуз. Биз экономиканын жана саламаттык сактоо системасынын иштешин токтотпостон эле вируска каршы күрөшө алабыз. Биз бири үчүн экинчисин кечпестен эле, бир убакта адам өмүрүн да сактап, алардын күн көрүшүнө керек болгон каражат булактарын да сактай алабыз», — деди Европа бюросунун башчысы.

21-августка карата Кыргызстанда COVID-19 жуктуруунун 42 703 учуру катталган. Алардын ичинен 35 831 адам илдеттен айыгып чыккан. Бирок бул сандар туура эмес болушу ыктымал, анткени коронавирус инфекциясы жукту деп шектенген бардык адамдар стационарларга кайрылган эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча, өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирустун өрчүп кетишинен 1 055 адам каза болгон. Коронавирустан каза болгондордун саны ССМ бардык өлүм учурларын анализдеп чыккандан кийин кыскарып кеткен.