Шаардык сот маркум Аскаровдун өкмөткө койгон доо арызы боюнча ишти жандандырган жок

20-августта Бишкек шаардык соту административдик соттун абактын ооруканасында каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюму кабарлады.

Бишкектин административдик соту 12-июнда Аскровдун өкмөткө карата доо арызы боюнча ишти кароону токтоткон. Өкмөт БУУнун адам укуктары боюнча комитети 2016-жылда чыгарган чечимин аткарган эмес эле — анда Комитет Кыргызстандын бийлигин укук коргоочуну абактан токтоосуз бошотууга чакырган.

Сот доогер менен министрлер кабинетинин ортосунда эч кандай административдик мамиле болбогондуктан, өкмөт жоопкер боло албайт деп иш боюнча өндүрүштү токтоткон. Мындан тышкары, өкмөт менен талап мүлк мүнөзүндө болбогондуктан, шаардык сот доогердин укуктарын укук коргоочунун жубайы Хадича Аскаровга берүүдөн баш тартты.

Жактоочулар бул иште доогер катары Аскаровдун аялын дайындоону пландашкан, анткени тараптардын бири каза болуп калган учуру Административдик-процесстик кодексинде каралган. Мындан тышкары, укук коргоочунун каза болгонуна байланыштуу шаардык сот Аскаровдун кызыкчылыктарын коргоодон анын адвокаттарынын бирине баш тарткан.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюмунун укук коргоочулары Бишкек шаардык сотунун чечимине даттануу үчүн Жогорку сотко кайрылууну чечишкен, анткени «адам каза болгон учурда дагы адвокаттар аны коргоону уланта алышат».

Аскаровдун өлүмү

Өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда 47-колонияда дүйнө салды. Ал жакка Аскаровду медкароо үчүн которушкан болчу. Ал 10 жыл абакта отурду.

Анын адвокаты Валерьян Вахитов жана укук коргоочу уюмдар Аскаровдун саламаттыгы начарлап кеткенин бир нече жолуп билдирип, аны «гумандык кылып» бошотууну талап кылышкан.

Ал эми укук коргоочу Төлөкан Исмаилова 28-июлда маркум Аскаровдун сөөгүн текшерүүнүн жыйынтыгы чыкканын билдирген. Медициналык корутундуда Аскаровдун өлүмүнө эки тараптуу толук пневмониянын шартында өөрчүгөн курч дем алуу кемчилдиги себеп болгону айтылат.

Бул убакыттын аралыгында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы укук коргоочунун абалы начарлаганы айтылган маалыматты четке кагып, «бардыгы көзөмөлдө» деп көшөрүп туруп алган. Ал эми Аскаров кайтыш болуп калгандан кийин ЖАМК билдирүү таратып, укук коргоочу пневмония болгонун, ал эми маркум стационарда дарылануудан баш тартып туруп алган деп билдирген.

ЖАМК Аскаровдун сөөгүн туугандарына 27-июлда өткөрүп берген. Бирок анын сөөгү Ташкентте 31-июлда жерге берилген. Аскаровдун үй-бүлөсү Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМдери анын сөөгүн жеткирүү боюнча процедуралардын баарын аяктап бүтүрүшүн беш күн күтүшкөн.

Эл аралык эки ири уюм — Европа биримдиги жана БУУнун Адам укуктары боюнча комитети кыргыз бийлигине укук коргоочунун өлүмүнүн жагдайын иликтөө өтүнүчү менен кайрылышты.

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндөгү укук коргоочу. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсүнөн улам белгилүү болгон.

Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган.

Сот 2010-жылдын 15-сентябрында Аскаровго карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган, бирок укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.