Кыргызстандын атайын кызматы журналист Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстанга өткөрүп берди

Өзбекстандык көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 8-августта кармалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди 22-августта Өзбекстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы «Азаттык» радиосуна билдирген.

«Эл аралык издөөдө жүргөн Абдуллаев 8-августта Ташкенттин өтүнүчү менен кармалган. Биринчи Май райондук соту 10-августта аны бир айга УКМКнын тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. 22-август күнү Абдуллаев Өзбекстанга өткөрүлүп берилди», — деген басма сөз катчы Рахат Сулайманов.

Ошондой эле, ал журналистти экстрадициялоодо Кыргызстандын мыйзамдары жана мамлекеттер аралык келишимдер сакталганын айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинен Бобомурод Абдуллаевди Өзбекстанга өткөрүп бербөөнү талап кылышкан.

Бобомурод Абдуллаевдин кармалышы

Журналист Абдуллаев 8-августта Бишкектеги тамактануучу жайлардын биринде Кыргызстандын УКМК кызматы тарабынан расмий Ташкенттин өтүнүчү менен кармалган.

Ал борбор калаага Борбордук Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен төрт айлык окуудан өтүү үчүн келген. Окуу курсу аяктаганда коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралар жабылып калгандыктан, ал кайра Европага кете алган эмес.

Абдуллаев Бишкекте жүргөн убагында анын өзбекстандык жактоочусу Сергей Майоров Ташкенттин укук коргоо органдарына атайын кат жөнөтүп, бирок Абдуллаевге карата даттануулар жок экендиги тууралуу жооп алган.

Өзбекстандык көз карандысыз журналист буга чейин 2017-жылы Өзбекстанда кармалган. Ага интернеттеги «Усман Хакназаров» каймана ысым менен Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялады деген айып тагылган. Сот Абдуллаевди 1,6 жыл эрксиз жумуштарга тартуу жана айлык акысынын 20 пайызы кыркылып туруусу боюнча чечим чыгарган.