Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын дээрлик 85 пайызы айыкты

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы

Республикалык штаб 24-августта коронавирустан 218 бейтап айыкканын кабарлады.

Илдеттен айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 107. Ошондой эле, илдеттен Ош облусунда — 25, Жалал-Абад облусунда — 21, Ысык-Көл облусунда — 20, Баткен облусунда — 19, Ош шаарында — 17, Чүй облусунда жети жана Нарын облусунда эки бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 36 615 бейтап айыкты — бул жалпы оорулуулардын 85 пайызын түзөт — алардын ичинде 2 385 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 43 126га жетти. Илдет 1 057 кишинин өмүрүн алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.