Ош мэриясы: Той өткөрүүгө жол бергендерге чара көрүлөт

Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев 25-августта өткөн маалымат жыйында той-маарекелерди өткөрүүгө расмий түрдө уруксат берилбегенин билдирди.

«Эгер той иш-чаралар өтүп жаткан фактылар болсо, Ош шаарынын мэриясына кайрылсаңыздар болот. Кимде ким той өткөрүүгө жол берсе, айып пул салынат», — деди ал.

Анткен менен айрым кафе-ресторандарда жана турак үйлөрдө тойлор өтүп жатат. Жергиликтүү алып баруучулардын жана ырчылардын социалдык тармактардагы баракчаларында тойдон тартылган сүрөт жана видеолор күн сайын жарыяланып турат.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын тастыктады. Ошондой эле ал тойлорду аныктоо үчүн рейддер жүрүп жатат деп ишендирди.

«“Биздики фуршет эле, же жөн гана сүрөткө түшүп чыгып кетебиз” деп жатып туруп эле анан тойлор болуп калып жатат да кээ бир жерлерде. Тойдун эч бир түрүнө уруксат жок, бизге кабарлашса жерине барып чара көрөбүз», — дейт ал.

Март айынан бери санитардык нормаларды сактабаган ишкерлерден 1 млн сомго жакын айып пул чогулду. Эрежени негизинен тамактануучу жайлар, дүкөндөр, кафе-ресторандар жана башка коомдук жайлар сактаган эмес.

Ош шаарында 25-августка карата коронавируска кабылгандардын саны 3 442ге жетти. Калаада буга чейин ачылган убактылуу стационарлар жабылып, учурда шаардык клиникада илдетке чалдыккан 33 адам дарыланып жатат.