БШК ырчы Бек Борбиевдин клибинде «Мекеним Кыргызстанга» үгүттөө бар-жогуна карап чыгат

«Клооп» басылмасында 26-августта «БШК: Ырчы Бек Борбиевдин клибинде “Мекеним Кыргызстанга” үгүттөө фактысы бар» деген аталышта макала жарык көрдү. Бирок БШКдан «Клооптун» журналистине жумушчу топ клипти үгүттөө фактысы бар-жогуна карап чыгат деген маалымат берген экен. Биздин журналистибиз маалыматты туура эмес түшүнүп алыптыр. Ошондуктан макаланы тууралап, жаңырттык. Туура эмес маалымат таратканыбыз үчүн кечирим сурайбыз.

Ахматбек Келдибеков (ортодо) жана Бек Борбиев (оң жакта) «Мекеним Кыргызстан» партиясынын съездинде

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев жаңы ыр жаздырып, клип тартты. Ыр мекенге арналып, клипте «Мекеним Кыргызстан» партиясынын логотиби колдонулган жерлери бар.

Борбиевдин клиби алгач фейсбукта «Моя родина Кыргызстан» аталышындагы баракчага жүктөлүп, жарнамага коюлган. Клипти миңден ашуун адам жактырып, ал 324 жолу бөлүшүлгөн.

Бек Борбиев

#Эксклюзив! Бек Борбиевдин "Мекеним" аттуу жаңы клипи!

Posted by Моя Родина Кыргызстан on Saturday, 22 August 2020

Клипте кыргызстардын көчмөн жашоосу, боз үйдөгү карыялар менен башталат. Андан соң атчан жигиттер жана Кыргызстандын жаратылышы тартылган. Ошондой эле «Мекеним Кыргызстан» партиясынын логосу түшүрүлгөн кагаздан жасалган учак облустардын үстүнөн учуп жүргөнүн көрүүгө болот.

Ошондой эле ырдын текстинде да партияга үгүттөөчү сөздөр байкалат. Партиянын аталышындай сөздөр бир нече жолу колдонулган.

Мекеним Кыргызстан,

Сен үчүн ар убакта жаным курман.

Бириктик мекен үчүн,

Уул-кызың сөздөрүнө бекем турган.

Кайырма:

Уктук убада, болдук убара,

Жададык эски турмуштан.

Жаңы жол танда, жаңы күч танда,

Мекеним Кыргызстан!

Үгүттөсө эмне экен?

Биз клипти азыр жарыялоо эмне үчүн туура эмес экендигин түшүндүрөбүз. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. Ага ылайык үгүттөө иштери расмий түрдө 4-сентябрда гана башталып, 3-октябрда аяктайт.

Шайлоо алдында «Мекеним Кыргызстан» партиясына үгүттөгөн клип интернетке 23-августта жүктөлгөн, демек 4-сентябрга чейин үгүттөө иштерин баштоого расмий уруксат берилген эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү борборунун катчысы Чынара Исмаилова клип үгүтөө фактысы бар-жогуна текшерилерин айтты. Аталган маселени БШКнын үгүтөө иштери боюнча жумушчу тобу карап чыкмай болду.

«Мекеним Кыргызстан» жана Матраимовдор

Айрым эксперттер «Мекеним Кыргызстан» Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп эсептешет — партиянын алдынкы тизмесинде депутат Искендер Матраимов бар.

Ошондой талапкерлердин арасында Матраимовдордун өкүлү, адвокат Канатбек Азиз жана «Исмаил Матраимов» фондунун өкүлү, журналист Элнура Алканова да бар. Ошондой эле партиянын съездине ырчы Бек Борбиев катышкан.

Ал эми Матраимовдордун үй-бүлөсү — Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирдүү фигуралардын бири болуп саналат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Матраимовдордун бирөөсү азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп ишара кылган.

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Бул каражаттарды 5 жыл бою карапайым курьерлер аркылуу ташыган Айэркен Саймаити журналисттерге бул операцияларды Райымбек Матраимовдун жардамы менен жасаганын айтып берген.

Саймаитинин айтымында, Матраимов бажыдагы жемкорлукту колдоп, кыйтайлык ишкер Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүнө көмөк көрсөткөн. Курьерлер тоскоолсуз Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчаларын адалдагандан кийин, Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму каражаттардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон «Исмаил Матраимов» фондуна которушкан.

Иликтөө менен кененирээк бул шилтеме аркылуу таанышып алсаңыз болот. Ошондой эле, аталган фонддун эсебине миллиондогон каражаттар кимдер тарабынан түшкөнү тууралуу да маалымат алсаңыз болот.