Мамлекеттик бала бакчалар жергиликтүү бийликтин уруксаты менен ишке кирет

Иллюстративдик сүрөт

Өлкөдө мамлекеттик бала бакчалар санэпидемдин жана жергиликтүү бийликтин уруксаты менен иштейт. Бул тууралуу 25-августта Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору жана жергиликтүү бийлик ишин жандантууга уруксат берет.

Иштөөгө уруксат алган бала бакчалар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин, ченемдердин талаптарын жана алгоритмин аткарууга милдеттүү.

«Буга чейин коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында бала бакчалардын ишин кайра улантуу үчүн атайын колдонмо даяралып, бардык бала бакчаларга жеткирилген жана министрликтин сайтына жайгаштырылган. Мындан сырткары бала бакчаларга атайын вебинарлар уюштурулуп, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо шарттары түшүндүрүлгөн», — деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми санитардык талаптарга жооп берген жеке менчик бакчалар 8-июндан тарта иштеп баштаган.

Өлкөдө 1600дөн ашуун мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар.