Республикалык штабдан 27-августка карата коронавирустун жаңы 101 учуру катталганын кабарлашты. Жаңы катталган учурлардын 22си лабораториялык тастыкталган, ал эми калган 79 бейтап ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыкты.
Аймактар боюнча:
Бишкек шаары — 32;
Ысык-Көл облусу — 18;
Жалал-Абад облусу — 16;
Ош облусу — 10;
Баткен облусу — 8;
Чүй облусу — 7;
Нарын облусу — 5.
Талас облусу — 4;
Ош шаары — 1.
Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 275 бейтап айыкты.
Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 115. Ошондой эле Баткен облусунда — 33, Жалал-Абад облусунда — 28, Ысык-Көл облусунда — 24, Ош облусунда — 23, Чүй облусунда — 17, Талас облусунда — 15, Ош шаарында — 12 жана Нарын облусунда сегиз бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 43 459га жетти. Алардын ичинен 37 492 бейтап оорудан айыкты — бул жалпы оорулуулардын 86 пайызы. Ошондой эле коронавирус 1 058 кишинин өмүрүн алды.
Бүгүнкү күндө 5 534 киши COVID-19 менен күрөшүп жатат. 854 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат, ал эми калган 4 680 бейтап үй шартында дарыланууда.
Коронавирус инфекциясы медкызматкерлердин арасында да катталды — өткөн суткада илдет Баткен жана Жалал-Абад облусунда бирден медикте аныкталды. Ошондой эле 19 медицина кызматкери коронавирустан айыкты — алардын 12си үй шартында дарыланган. Жалпысынан COVID-19ду 3 116 медик жуктуруп, алардын 2 409у оорудан сакайган.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.