Сүрөт: Алмаз Өмүрзаков

Төрт балалуу үй-бүлөдө эки бала жана кайненеси ооруйт. Ал эми үйдүн кожоюну былтыр эки бутунан операция болгон. Токтакуновдордун карантин учурундагы абалы менен жеринде таанышып кайттык.

Нарындагы «Городок» аймагы шаардын ортосунда жайгашкан. Бул аймакта болжол менен эки миңден ашык түтүн бар. Ал эми Токтакуновдордун жаңы куруп баштаган үйү аймактын эң четиндеги каналдын жээгинде орун алган. Дагы деле дубалдары толук тургузула элек үйдү жана эки чети шифер менен тосулган жапыз курулуштарды дароо байкоого болот. Бул курулуштар үй-бүлөнүн чай ичип, уктоочу жери.

«Биз үйлөнгөндөн бери апам иштеп жүрүп алган оорукананын үйүндө жашадык. Ал бир бөлмөлүү үй болчу. Кийин жолдошумдун иниси үйлөнүп, ал жерден кеткенбиз. Квартиралап, кээ бир кайдыгер эмес адамдардын 1 бөлмөлүү үйүндө бекер да жашап жүрдүк. Бул жерде күнүмдүк турмушта балдарга берилчү жөлөкпулду (пособие) карап жашайбыз. Төрт балага 4 800 сом алам. Ал болсо күнүмдүк тамак-аштан, балдардын дарысынан ашпайт. Жашай турчу жер жок, шиферден тосуп уктоочу жай жана ашкана кылып жасап алдык. Эми кыш келатат, жолдошум өзү буту ооруса, үйдү бүтүрө албай калсак “эмне кылабыз?” деген сарсанаа менен күн кечирип жатабыз», — дейт Венера Токтакунова.

Үй-бүлөдө жалпы алты киши бар. Үйдүн кожоюну Улан Токтакунов эки бутуна кошумча сөөк өсүп, былтыр операция болгондон бери бул үй-бүлөдө иштеп, киреше алып келчү адам жок. Венера Токтакунова болсо учурда эч жерде иштебейт. Ал эки оорукчан баласын кароо менен алек. Ал эми кайненеси да инсульт болуп, биринчи топтогу майып. Өзү басып-тура албагандыктан бир адамдын кароосуна муктаж.

«Бир балам 3 жыл мурун башынан операция болгон. Ал баламды алты ай сайын Бишкекке алып барып көрсөтүп туруу керек болчу. Бир эле барып келгенине 30 000 (отуз миң) сомдой акча жумшалат. Негизи баламды бул жактан дарыгерлер туура эмес дарылап, ошондон улам шаардан операция болгон. Андан тышкары экинчи кызымдын дагы буттары ооруйт. Ага атайын массаж жасатып, текшертип туруш керек. Бирок балдарды көрсөтүүгө акча жетишсиз. Бир жылдан бери балдарымды шаарга алып барып көрсөтө элекмин. Карантин болуп жатса бизде кайдагы акча, кайдагы мүмкүнчүлүк», — дейт Венера Токтакунова ыйламсырап.

Учурда жашаган шифер курулуштар өтө кичинекей болгондуктан оорукчан апасын кызынын үйүнө (Улан Токтакуновдун эжесиникине) убактылуу алып барышкан. Бирок, үй бүтсө кайра келет. Ал эми Венера Токтакунова дагы буттары, бели ооруп жатканын кошумчалады. Ал өзүнүн бут оорусу тукум кууп, кичүү кызына өткөн деп эсептейт.

Жер үйдүн курулушун баштагандарына 5 ай болду. Туугандарынын жардамы менен пайдубалын тургузуп жатышат. Учурда үйдү Улан Токтакунов өзү куруп жатат. Дубалдарын топурак менен сокмо кылып тургузууда. Ал эми топуракты балдарга берилүүчү жөлөкпулдан (пособиеден) чогултуп түшүртүп алышкан. Учурда үйдүн дубалы толук тургузула элек.

Улан Токтакунов бутунан операция болгон адамга үй куруу бир топ эле оорчулук туудурарын белгиледи. Бирок кошуналары, айрым кайдыгер эмес адамдар дубалын тургузууга, чатырын жабууга жардам беребиз дешкен.

«Аларга ыраазымын. Бирок, үйдүн ичи-сыртын жасаш керек. Кыш түшө электе бүтүрүп алсак деп эле тынбай иштеп атабыз. Бирок жаан чачындан улам иш кечеңдеп жатат», — дейт ал.

Нарын шаардык мэриясынын вице-мэри Назира Жумакадырованын айтымында, Токтакуновдордун үй-бүлөсү социалдык коргоого алынып, каттоодо турат. Бирок мэрияга жардам сурап арыз менен кайрылышкан эмес.

«Бул үй-бүлө тууралуу кабарыбыз бар. Гманитардык жардам келген сайын ун сыяктуу азык-түлүк жана башка керектүү нерселерди алып келип беребиз. Өткөндө эле барып беш миң сом акчалай жардам жана азык-түлүк бердик», — деди Жумакадырова.

Нарын шаары боюнча 2 350 адам социалдык коргоого алынып, каттоодо турат. Аларга социалдык коргоонун түрүнө жараша медициналык, акчалай жана иш менен камсыз кылуу сыяктуу жардамдар көрсөтүлөт. Нарын шаарынын мэриясы бул адамдарга 1 жылда 40 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүшкөн.

Эгер, Токтакуновдордун үй-бүлөсүнө жардам бергиңиз келсе, төмөндөгү номерлер менен байланышсаңыз болот.

0502 299 466, 0220 200 700 - Венера Токтакунова.