Бишкек мэриясы Эгемендүүлүк күнүн белгилөө үчүн 2,7 млн сом коротот

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 31-августта борбор калаада Эгемендүүлүк күнүн белгилөө үчүн 2 миллион 700 миң сом короторун маалымдады.

Бул каражаттар шаарда жасалгалоо иштерин жүргүзүүгө, президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда иш-чара өткөрүүгө жана саат 22:00дө фейерверк уюштурууга сарпталат.

Республикалык штаб буга чейин билдиргендей, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чара саат 10:00дөн 11:00гө чейин онлайн форматында өтөт.

Аянтта өтө турчу иш-чаралар республикалык телеканалдардан түз эфирде берилет.

«Массалык жана майрамдык иш-чаралар пландалган эмес жана өткөрүлбөйт», — деп түшүндүрмө беришти штабдан.

Коронавирус пандемиясынан улам Бишкекте массалык иш-чаралардын бардыгы өткөрүлбөй келет. Буга чейин 9-майда Жеңиш күнүн белгилөө иш-чаралары да онлайн өткөн.

Ошондо, Башкы штаб Жеңиш күнүнө карата уюштурган майрамдык салюттар гана атылган. Мэриядан фейерверкке 2,5 млн сом бөлүнгөн, бирок анын акысын Башкы штаб төлөгөндүктөн, муниципалитет бул каражаттарды башка максаттарга жумшаган.