Акыркы суткада коронавирустан Бишкекте бир бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 1-сентябрдагы брифингде акыркы суткада COVID-19га чалдыккан Бишкек шаарында бир бейтап көз жумганын билдирди. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1 060 киши каза болду.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 18-августтагы брифингде коронавирус жуктуруп каза болгон 1 498 бейтаптын 29 пайызы башка себептерден улам көз жумганын билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмониядан улам каза болгондордун себебин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча каза болгондордун ичинен 437 адамдын өлүмүнө COVID-19 менен пневмония эмес, башка оорулар себеп болгону аныкталган.

Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 43 958ге жетти. Жалпысынан 38 649 киши аталган илдеттен сакайды.