ССМ биринчи класстын окуучулары кандай тартипте окуй турганын билдирди

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Мария Кушубакова

1-сентябрдан тарта биринчи класттын окуучуларынан башкалары окууну онлайн түрүндө улантат. Алар үчүн Саламаттык сактоо министрлиги менен Билим берүү министрлиги алгоритм иштеп чыкты.

Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жалпы гигиена боюнча дарыгери Мария Кушубакова 19-августтагы брифингде билдирди.

«Ата-энелер мектепке балдарды өздөрү алып барып келүүсү керек. Ошондой эле, балдарга беткап тагып жана аларды атайын кол аарчы, антисептиктер менен камсыздоо сунушталат», — деди Кушубакова.

Мындан сырткары мектептер үчүн да бир катар талаптар коюлду.

Эгерде класста 25-30 окуучу болсо, аларды эки топко бөлүп, шахматтык тартипте отургузуу зарыл;

— Мектептер залалсыздандыруу каражаттары менен камсыздалышы керек;

— Мектептердин мүдүрлөрү санитардык талаптардын аткарылышына жана залалсыздандыруу иштерине жооптуу;

— Аралыкты сактоо үчүн мектептерде эки чыгуу жана кирүү эшиги болушу зарыл;

— Санитардык талаптарды аткаруу үчүн мектептер суу менен камсыз болуп, канализация жана жылытуу сезонуна даярдыгы болушу керек.

Буга чейин Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 11-августта өткөн брифингде Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн окутуунун жаңы форматтары киргизилип жатканын маалымдаган. Анда окутуунун үч формасы болоору айтылган: аралыктан окутуу, салттуу-аралыктан окутуу жана салттуу окутуу формасы.

Бирок ведомство июль айынын аягында мектептерде жаңы окуу жылынын биринчи чейреги аралыктан өтөөрүн билдирген болчу. Ошондой эле эпидемиологиялык кырдаал жакшырган региондордогу мектептер кадимки тартипте иштей тургандыгы кабарланган.

Ал эми 14-августта премьер-министр Кубатбек Боронов 1-сентябрда мектептке биринчи класстын окуучулары гана барарын билдирген. Анын айтымында, быйыл мектеп босогосун 156 миң окуучу биринчи жолу аттайт.

19-августка карата өлкө боюнча коронавирусту жуктуруп алгандар 42 325ке жетти. Ал эми илдеттен айыккандардын саны 35 197ни түздү. Коронавирус 1 054 кишинин өмүрүн алды.