Иллюстративдик сүрөт

Премьер-министр Кубатбек Боронов быйыл 1-сентябрда 1-класстар мектепке барып, калган класстардын бардыгы окууну онлайн окуй турганын айтты.

Өкмөт башчысынын маалыматында, быйыл мектеп босогосун 156 миң окуучу биринчи жолу аттайт.

«Быйылкы окуу жылы кандай өтөт деп элибиз күтүп жатат. Буга чейин министрлик бир нече варианттарды сунуштаган. Биринчиден, президент Сооронбай Жээнбеков баса белгилеп кеткендей, мектепке барам деп чыдамсыздык менен күтүп жаткан кичинекей балдарыбыздын тилектерин ишке ашырышыбыз керек», - деди Боронов.

Премьер-министр жаш балдардын социалдык адаптациясы өтө маанилүү экенин белгиледи. Аны менен катар эпидемиологиялык кырдаалдын шарттарын эске алып, «окутуунун алгоритмдери толук жана так иштелип чыксын» деп тапшырма берди.

Боронов учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташты деп айтуу эрте экенин кошумчалады. Андан сырткары окуу процессин кийинки чейректерде жандандыруу маселеси эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Республикалык штабдын талкуусунан өтүүсү тийиштигин белгиледи.

Буга чейин Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылында окутуунун үч вариантын сунуштаган. Алар: Аралыктан окутуу формасы, салттуу окутуу формасы жана салттуу-аралыктан окутуу формасы.

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстандын бийлиги 8-апрелде бардык мектеп окуучуларын аралыктан окутуу формасына өткөргөн. Ошондо ведомство окутуу планын иштеп чыккан эле. Ага ылайык, мектеп окуучулары окуу материалдарын ведомствонун сайтынан же телевизордон көрүшкөн.

Бирок, бир топ ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар мындай окутуу формасы аларга кыйын болуп жатканына нааразы болушкан. Алар гаджеттердин жетишсиздигине, интернет акысын төлөө үчүн акчанын тартыштыгына, байланышуу сапатынын начардыгына жана окуу материалдарынын түшүнүксүздүгүнө даттанышкан.

Окуучу балдардын көбү классташтары жана башка окуучулар менен көрүшүп-сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калгандыктан, психологиялык көйгөйлөргө кабылышкан.