Шайлоо-2020: БШК «Кыргызстан» партиясы боюнча сот чыгарган өкүм менен макул эмес

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек административдик соту «Кыргызстан» партиясынын доо арызын канааттандырганына макул эмес. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Азаттыкка» билдирди.

Бекматовдун айтымында, «Кыргызстан» партиясынын арызын сотто четке кагыш үчүн негиздүү далилдер көрсөтүлгөн. Эми БШКнын мүчөлөрү жогорку соттук инстанцияга кайрылуу маселесин талкууламакчы.

«Кыргызстандын» айланасындагы чыр

24-августта айрым саясий партиялардын талапкерлери жарандык активисттер менен биргеликте БШКдан «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтеттүүнү талап кылышкан. Алардын пикиринде, партиянын өкүлү БШКга керектүү документтерди кеч тапшырган.

БШКнын каттоочу журналында «Кыргызстандын» өкүлү документтерди саат 17:59да алып келгени көрсөтүлгөн, бирок жазуу чийилип кайра оңдолгон. Ошондой эле байкоочу камераларда партиянын өкүлү 18:00дөн кийин келгени кадрга түшүп калган.

Мындан сырткары, БШКга партиянын өкүлү катары эркек киши келген. Бирок журналда Элвира Абильдиеванын аты жазылып, анын кол тамгасы жок болгон.

Кийинчерээк беш партия — «Ата Мекен», «Бир Бол», «Ордо», «Реформа» жана «Чоң Казат» «Кыргызстан» партиясынын айланасындагы чыр боюнча президентке кайрылган. Алар «БШКнын кызматкерлери тарабынан кызматтык жасалмалоо» боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштоону суранышкан.

Ал эми «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев документтер БШКга убагында тапшырылган деп ишендирген. Ошондой эле партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Абильдиева ошол күнү өзүн начар сезип, COVID-19га шектенгенине байланыштуу документтерди тапшыра албай калганы белгилүү болгон. Анын ордуна документтерди партиянын мүчөсү тапшырган, анда Абильдиеванын атына жазылган ишеним кат болгон.

Ошого карабастан Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августтагы жыйынында «Кыргызстан» партиясына документтерин кайтарып берүү чечимин кабыл алган. Ага чейин БШКнын жумушчу тобу партиянын документтерин расмий бекитилген өкүлдөн башка киши тапшырганына байланыштуу аны кайтарып берүүнү сунуштаган. БШК «Кыргызстан» партиясы тарабынан мыйзам бузулду деген пикирде.

Бирок «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечими менен макул болбой сотко кайрылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. 24-августта Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууну пландаштырган партиялардын акыркы документтерин кабыл алды жана аларды карап чыгып, 4-сентябрга чейин каттайт.