БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин кабыл алуудан баш тартты

«Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү жана Боршайкомдун мүчөлөрү. Сүрөт: «Кактус» басылмасы

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-августта «Кыргызстан» партиясынын парламеттик шайлоого тиешелүү документтерин кабыл албай койду. Документтери партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Абилдиева алып келген болчу.

«Ата Мекен» партиясынын талапкери Тилек Токтогазиев окуя болгон жерден түз эфирге чыкты. Анда «Кыргызстандын» өкүлүнө БШКнын мүчөсү Гүлнар Журабаева чыгып, партиянын документтерин кабыл алуудан баш тарткан.

«Биз соттун чечимине макул эмеспиз, биз [Жогорку сотко] даттанабыз. Ошондуктан кабыл албайбыз», — деген Журабаева.

Posted by Tilek Toktogaziev on Friday, 28 August 2020

Кийинчерээк «Кыргызстандын» өкүлдөрүнө БШКнын башка мүчөлөрү чыгышып, партиянын документтерин кабыл албоого укуктуу экенин билдиришкен. Алардын айтымында, Бишкек администрациялык сотунун чечими үч күндүн ичинде даттанылат.

Абилдиева БШКнын кызматкерлеринен документтерди кабыл алуудан баш тарканы тууралуу кат түрүндө жазып берүүнү талап кылган. Бирок бул талап да аткарылган жок.

Буга чейин Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова соттун чечими менен макул болбогонун жана кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылаарын «Азаттыкка» билдирген.

«Кыргызстандын» айланасындагы чыр

24-августта айрым саясий партиялардын талапкерлери жарандык активисттер менен биргеликте БШКдан «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтеттүүнү талап кылышкан. Алардын пикиринде, партиянын өкүлү БШКга керектүү документтерди кеч тапшырган.

БШКнын каттоочу журналында «Кыргызстандын» өкүлү документтерди саат 17:59да алып келгени көрсөтүлгөн, бирок жазуу чийилип кайра оңдолгон. Ошондой эле байкоочу камераларда партиянын өкүлү 18:00дөн кийин келгени кадрга түшүп калган.

Мындан сырткары, БШКга партиянын өкүлү катары эркек киши келген. Бирок журналда Элвира Абильдиеванын аты жазылып, анын кол тамгасы жок болгон.

Кийинчерээк беш партия — «Ата Мекен», «Бир Бол», «Ордо», «Реформа» жана «Чоң Казат» «Кыргызстан» партиясынын айланасындагы чыр боюнча президентке кайрылган. Алар «БШКнын кызматкерлери тарабынан кызматтык жасалмалоо» боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштоону суранышкан.

Ал эми «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев документтер БШКга убагында тапшырылган деп ишендирген. Ошондой эле партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Абильдиева ошол күнү өзүн начар сезип, COVID-19га шектенгенине байланыштуу документтерди тапшыра албай калганы белгилүү болгон. Анын ордуна документтерди партиянын мүчөсү тапшырган, анда Абильдиеванын атына жазылган ишеним кат болгон.

Ошого карабастан Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августтагы жыйынында «Кыргызстан» партиясына документтерин кайтарып берүү чечимин кабыл алган. Ага чейин БШКнын жумушчу тобу партиянын документтерин расмий бекитилген өкүлдөн башка киши тапшырганына байланыштуу аны кайтарып берүүнү сунуштаган. БШК «Кыргызстан» партиясы тарабынан мыйзам бузулду деген пикирде.

Бирок «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечими менен макул болбой сотко кайрылган. Бишкек административдик соту 27-августта партиянын доо арызын канааттандырып, сот чечими өкүн чыккан күндөн тарта күчүнө кирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. 24-августта Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууну пландаштырган партиялардын акыркы документтерин кабыл алды жана аларды карап чыгып, 4-сентябрга чейин каттайт.