Сот «Кыргызстан» партиясынын шайлоого катышуу укугун калыбына келтирди

Бишкек административдик соту «Кыргызстан» партиясынын арызын 27-августта карап чыгып канааттандырды. Сот буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы партияны парламенттик шайлоодон четтетүү тууралуу чечимин жокко чыгарды.

«Бүгүн Бишкек шаардык административдик соту адилеттүү жана мыйзамга туура келген чечим чыгарды. Биз ачык айтабыз, биздин мамлекетибиз укуктук жана адам укуктарын сыйлаган өлкөлөрдүн бири», — деди «Кыргызстан» партиясынын талапкери, депутат Талант Мамытов.

Соттун чечими жарыялангандан тарта күчүнө кирди, ал эми БШКнын Жогорку сотко даттанууга укугу бар.

«Кыргызстан» партиясынын айланасындагы ызы-чуу

24-августта «Реформа», «Бир бол» жана «Ата Мекен» партиясынан шайлоого аттанган айрым талапкерлер жана жарандык активисттер БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин саат 18:00дөн кийин кабыл алды деген жүйөө менен мекеменин имаратынын алдына чогулушкан. Алар мыйзам бузган кайсы гана партия болбосун аны шайлоодон чететтүүнү талап кылган.

Беш партия - «Ата Мекен», «Бир Бол», «Ордо», «Реформа» жана «Чоң Казат» «Кыргызстан» партиясынын айланасындагы иштер боюнча президентке кайрылды. Алар бул факты боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштоону суранышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августтагы жыйынында «Кыргызстан» партиясына документтерин кайтарып берүү чечимин кабыл алган. Ага чейин БШКнын жумушчу тобу партиянын документтерин расмий бекитилген өкүлдөн башка киши тапшырганына байланыштуу аны кайтарып берүүнү сунуштаган.

Бирок «Кыргызстан» партиясы БШКнын чечими менен макул болбой сотко кайрылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. 24-августта Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууну пландаштырган партиялардын акыркы документтерин кабыл алды жана аларды карап чыгып, 4-сентябрга чейин каттайт.