«Айтканымды аткарып келе жатам». Президент таза шайлоо өткөрүүнү убадалады

Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрда өткөн жыйыны.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрда өткөн жыйынында алдыдагы парламенттик шайлоо ачык өтөөрүнө кепилдик берээрин жана добуш сатып алуу фактыларына ыкчам чара көрүлүшү керектигин айтты.

«Айтканымды аткарып келе жатам жана аткарам. Президент катары мамлекеттин эгемендүүлүгүн, бүтүндүгүн, эл биримдигин, тынчтыгын сактоо менин негизги милдетим. Ошондуктан саясий партияларды, алардын жактоочуларын, командалардын шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуу аракеттеринен алыс болууга чакырам», — деди ал.

Ошондой эле ал жарандык коом мыйзамсыз аракеттерге өз баасын бере алат деп белгилеп, эл парламентке талапкер болгон партияларды тандоо мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбашына ишенээрин билдирди.

Мындан сырткары Жээнбеков шайлоодон утулган партияларды ызага алдырып коомдун тынчтыгын бузбоого чакырды.

«Тарапташтарды көтөрүп, көчөгө алып чыккан эски көрүнүштөрдү таштайлы. Жарандарды ыплас саясий оюндарга тартпайлы. Анткени, дал ушундай тескери аракеттер кандай гана өлкө болбосун, артка тартат. Биздин өлкөнү да аксатат», — деп кошумчалады өлкө башчы.

Добуш сатып алуу аракеттери

Буга чейин 31-августта Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мусурканов жергиликтүү тургундардан «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасаовду колдоп берүүгө чакырган видеосу тараган. Ал тургундарга талапкер 300дөн кем эмес добуш үчүн 500 миң сом накталай алып келээрин айткан.

Буга байланыштуу Нарын РИИБи «добуш сатып алууга» аракет жасаган айыл өкмөт башчынын окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Ал эми мурдараак аталган облустун Кочкор районунда «Мекеним Кыргызстан» партиясына «добуш сатып алууга аракет кылып жатат» делген аудиолор соцтармактарда тарап, Борбордук шайлоо комиссиясы аны иликтеп баштаган.

Ошондой эле соцтармактардын айрым колдонуучулары да добуш сатып алуу фактыларына күбө болушканын билдиришкен.

«Биримдик» партиясы «бийликчил» делинип, ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөдөгү таасирдүү үй-бүлө Матраимовдорго таандык экени айтылып келет.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.