Нарын: Милиция айыл өкмөт башчынын «Биримдикке» «добуш сатып алуу» аракетин иликтеп баштады

Нарын райондук ички иштер башкармалыгы Чет-Нура айыл өкмөтүндө «добуш сатып алууга» аракет жасаган айыл өкмөт башчы Азамат Мусуркановдун окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Адинай Шаршеева билдирди.

Буга чейин Мусурканов жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аларды парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасовду колдоого чакырган видеосу тараган. Мусуркановдун айтымында, талапкер 300дөн кем эмес добуш үчүн 500 миң сом накталай алып келмек.

«Жогоруда көрсөтүлгөн видеодогу чогулган күбө адамдардын өздүгү такталып, аларды сурамжылоо иштери жүргүзүлүп, түшүнүк каттар алынган», — деди Шаршеева.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен катталды. Мыйзам боюнча бул кылмышка күнөлүү деп табылган жарандарга 180 миңден 220 миңге чейин айып пул салынышы мүмкүн.

«Биримдиктин» талапкери айыл өкмөт башчысын сотко берди

Ошол эле учурда «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасов Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мусуркановду анын «ар-намысына жана кадыр баркына шек келтиргени үчүн» Нарын шаардык сотуна кайрылганы белгилүү болду.

Улан Бакасов Чет-Нура айыл аймагынын башчысы А.Н.Мусуркановду сотко бердиУшул жылдын 30-август күнү Чет-Нура айыл...

Posted by Майрамбек Омурбаев on Tuesday, September 1, 2020

Бакасовдун өкүлү Майрамбек Өмүрбаевдин айтымында, айыл өкмөт башчы тургундарды чогултуп алып, чындыкка дал келбеген маалыматты айткан.

«Ал сүйлөшүү кимдир-бирөө тарабынан видеого тартылып алынып соцтармактарга тарап, коомдо Улан Бакасовдун атына туура эмес пикирлер айтылган», — деп жазган Өмүрбаев.

«Биримдиктин» талапкери Мусуркановдон тараткан маалыматын төгүндөөнү талап кылууда.