«500 миң сом алып келем». Нарында айыл өкмөт башчы «Биримдикти» колдоого чакырды

Социалдык тармактарда Нарын районуна караштуу Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Мусурканов жергиликтүү тургундардан парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасовду колдоп берүүнү суранган видеосу тарады.

«Билесиздер да Улан Бакасов дегенди — биздин Ак-Кулундунун тургуну. 1984-жылкы бала. Кылган эмгектерин көбүңүздөр уксаңыздар керек. Нарындагы жанагы футболдук стадионду өзү жасап берди [...] “Мен бийлик менен сүйлөшсөм силер үчүн эч кандай жумуш жасай албайт экенмин. Эми баарың колдоп бергиле, кийинчерээк дагы иш алып барабыз, жумушту бүтүрүп берейин” деп жатат да. Анан биз сүйлөштүк, соодалаштык, ал айтты: “500 миң сом накталай акча алып келемин” деди Улан. Комбайн алабыз дедим да, ошого “500 миң сом накталай алып келемин” деди», — деген Мусурканов.

Мусурканов тургундарга эки күндүн ичинде жооп бергүүгө чакырган. Ошондой эле 300 кишиден кем эмес добуш алыш керек деп белгилеген. Андан кийин тасмага бирөө жарым тартып жатканын байкап калып, өчүрүүнү суранган.

Ал эми Бакасовдун өкүлү, Наарын шаардык мэриясынын мурдагы басма сөз катчысы Майрамбек Өмүрбаев тасмада айтылган маалыматты төгүндөдү.

«Биринчиден Улан Бакасов бул видеодо айтылган айылдын тургуну эмес, Нарын шаарынын тургуну. Экинчиден, бул маалымат чындыкка дал келбейт. Каралоо деп айтса да туура болот. Андыктан, видеодо көрсөтүлүп жана жазылып жаткандардын бири да Улан Бакасовго тиешеси жок», — деди Өмүрбаев.

Макала жарык көрөөр алдында Бакасовду колдоого чакырган Мусуркановдон, Борбордук шайлоо комиссиясынан жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан комментарий ала алган жокпуз.

Жеке ишкер Улан Бакасов «Биримдик» партиясынын тизмесинде алтынчы орунда турат. Ал пандемия учурунда Нарын шаарынын тургундарына гумжардам таратып жүргөндө элге таанылган. Мындан сырткары ал Нарын облусттук ооруканасына 30 кычкылтек концентраторун жана 9 реанимобиль өткөрүп берген.

«Биримдик» партиясы «бийликчил» деп айтылып келет. Учурда партиянын талапкерлеринин тизмесинде президенттин иниси, депутат Асылбек Жээнбеков, вице-спикер Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бар. Ошондой эле аталган партия менен шайлоого бир нече депутаттар, ишкерлер жана мамлекеттик кызматкерлер баратат.