Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков шайлоого чейин калган бир айлык мөөнөттүү эл менен жолугууга арноо боюнча сунуштар келип жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди. 4-сентябрдан тарта парламенттик шайлоонун үгүт иштери расмий түрдө башталат.

«Сунуштар келип түшүп жатат, эгер каршы болбосуңуздар 4-сентябрдан 4-октябрга чейин эл менен жолугушууну чечип алсак. Анткени азыркы депутаттардын арасында шайлоого катыша турган көптөгөн талапкерлер бар. Ошондой эле, парламентте отурбаган партиялар дагы бар. Бардыгына тең, тегиз болсун деген сунуштар түшүп жатат», — деди Жумабеков.

Төрага өз сөзүндө үгүт иштери башталганда азыркы парламентте депутат, шайлоого катыша турчу партиянын тизмесинде талапкер болгон айрым эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин трибунасын агитация жүргүзүү үчүн колдонушу ыктымал деп чочулады.

«Практикада болуп келген, шайлоо убактысы келгенде сентябрь айында Жогорку Кеңеш эл менен, шайлоочулар менен жолугуу иретинде чыгып кетишчү. Каршылык болбосо токтом долбоорун күн тартибине киргизип алалы», — деди Жумабеков.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Ал эми 4-сентябрдан тарта үгүт иштери башталат. Азыркы чакырылыштын бир нече депутаты Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайрадан талапкерлигин коюуда. Айрым эл өкүлдөрү шайлоого катышуу үчүн мандаттарын тапшырса, кээси партиянын катарынан чыгып, башка партияларга кирди.