Стамбул: Кыргызстандын Башкы консулдугунун имаратында өрт чыкты, жабыркагандар жок

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун имаратында 2-сентябрь күнү, Түркиянын убакыты боюнча саат 22:30да өрт чыкты. Бул тууралуу CNNдин түркиялык кызматы маалымдады.

Haberler басылмасынын жазганына караганда, алгач Таксим аянтында жайгашкан беш кабаттуу имараттын биринчи кабатынан өрт чыккан. Андан кийин өрт башка кабаттарга өткөн. Өрт өчүрүү үчүн «көп сандагы» өрт өчүргүч бригадалар келген.

Жаңы маалыматтар боюнча, өрттөн жабыркагандар жана курман болгондор жок, бирок Башкы консулдукка материалдык зыян келтирилген. Стамбулдун полициясы өрттүн чыгышынын себебин териштирүүдө.