Өткөн суткада коронавирустун жаңы 92 учуру катталып, 252 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 4-сентябрга карата коронавирустун жаңы 92 учуру катталганын кабарлады. Жаңы учурлардын 33ү лабораториялык тастыкталган.

Аймактар боюнча:

Ысык-Көл облусу — 32;

Ош облусу — 15;

Бишкек шаары — 12;

Баткен облусу — 14;

Чүй облусу — 7;

Нарын облусу — 6;

Жалал-Абад облусу — 3;

Ош шаары — 2;

Талас облусу — 1.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 252 бейтап айыгып, бир киши каза болду.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 112. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда — 38, Ысык-Көл облусунда — 27, Баткен облусунда — 26, Ош облусунда — 21, Чүй облусунда — 10, Талас, Нарын облустарында жана Ош шаарында алтыдан бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 44 227ге жетти. Алардын ичинен 39 426 бейтап айыгып, 1 061 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 584 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле 4 614 киши үй шартында дарыланууда.

Коронавирус инфекциясы медкызматкерлердин арасында да катталды — өткөн суткада илдет Ысык-Көл облусунда сегиз жана Бишкек шаарында бир медикте аныкталды. Ошондой эле 27 медицина кызматкери коронавирустан айыкты — алардын 18и үй шартында дарыланган. Жалпысынан COVID-19ду 3 145 медик жуктуруп, алардын 2 533ү оорудан сакайган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.