Орусиядан COVIDге каршы күрөштө жардамга келген кыргыз врачтары кайра кете албай жатышат — ЖМК

«Азаттык» пандемия тутанып турган маалда Орусиядан мекенине жардамга келген кыргыз медиктери кайра артка, үй-бүлөсү жана жумушуна кете албай жатышканын кабарлады.

«Биз келерде Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Тышкы иштер министрлиги кайра кайтарыбызды айтышкан. Кыргызстандын ар кайсы шаарларында “кызыл зоналарда” бул жактагы дарыгерлер алган айлыкка эле иштеп, эми кайра кетели десек чек ара жабык, кайта албай калдык. Бийлик берген убадасын качан аткарары белгисиз», — деп келтирет басылма врачтардын бири Талантбек Ухун уулунун айткандарын.

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, пандемия менен күрөшүү үчүн акы төлөнбөгөн өргүү алып мекенине кайтып келген тогуз кыргызстандык Орусия кете албай жатат.

ТИМ жана Саламаттык сактоо министрлигинен комментарий алуу мүмкүн болгон жок.