Өткөн суткада коронавирустун жаңы 87 учуру катталып, 178 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 6-сентябрга карата коронавирустун жаңы 87 учуру катталганын кабарлады. Алардын арасында үч медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек - 16;

Ош – 2;

Чүй облусу – 10;

Ош облусу - 11;

Талас облусу - 4;

Нарын облусу – 1;

Ысык-Көл облусу – 7;

Жалал-Абад облусу – 16;

Баткен облусунда - 20 адамдан илдет аныкталды.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 178 бейтап айыкты, алардын арасында беш медкызматкер бар.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 112. Ошондой эле Ош шаарында — 1, Чүйдө — 8, Ош облусунда — 2, Таласта — 4, Нарында — 1, Ысык-Көлдө — 14, Жалал-Абадда — 25, Баткенде — 11 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Өлкөдө 6-сентябрга карата илдеттен каза болгондор катталган жок.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 44 403кө жетти — алардын ичинен 39 826 бейтап айыгып, 1 061 киши көз жумду. Ал эми илдетке чалдыккан медкызматкерлердин саны 3 152ге жетип, алардын 2 564ү айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 589 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле 3568 киши үй шартында дарыланууда.