ЖМК: Милиция унаа уурдады деген шек менен таасирдүү аткаминердин уулун кармады

Чүй облустук ИИБи карактоо менен кол салуу жана айып короодон эки аткез унааны айдап качуу шеги менен 24 жаштагы жигит кармалганын маалымдады. ЖМКнын маалыматына ылайык, шектүү болуп антимонополиялык жөнгө салуу мамагенттигинин башчысы Шухрат Сабировдун уулу Аброр Сабиров эсептелет. Учурда ал Ысык-Ата райондук убактылуу кармоо изоляторунда.

«С.А. 7-сентябрда көмөкчүсү менен айып короонун кароолчусун байлап алып сабап, андан кийин “Хонда Иллюзион” жана “Тойота Альфард” унааларын айдап качып кеткен. Бул фактты милиция КЖБРге Жазык кодексинин “Карактоо менен кол салуу” беренеси боюнча каттады», — деп билдиришти ИИБден.

Милиция кызматкерлери унааларды шектүү Бишкектин жаңы конуштарынын биринде катууга аракет кылып жаткан жеринен табышкан.

ИИБдин малыматы боюнча, автоунаалар мурда мөөр басылып, Канттын атайын айып короосунда токтоп турган. Унаалар

Материалдын авторлору: Милана Щербакова жана Амина Кадралиева.