Башкы прокуратура парламенттик шайлоонун алдында 22 бузуу фактысын каттады. Мекеменин маалымат кызматынан билдиришкендей, башкы көзөмөл орган шайлоо мыйзамын бузууга жол бербөө үчүн ЖМК менен интернет ресурстарга мониторинг жүргүзүүдө.

Жалпысынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 22 материал катталып, сотко чейинки өнүдүрүш башталган. Алардын 21и каралып, ички иштер органдарына тапшырылган. Жарыяланган материалдардын көбү шайлоо документтерин жасалмалоо, кыянаттык менен административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу.

Башкы прокуратура ошондой эле, аткаминерлер, муниципалдык кызматкерлер, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, байкоочулар, дин ишмерлери, кайрымдуулук уюмдарынын негиздөөчүлөрү менен өкүлдөрү, жашы жете электер, чет элдик жарандар үгүт иштерин жүргүзө албай турганын эскертет.

Ал эми БШКга 6-августтан 10-сентябрга чейин шайлоо тартиптерин бузуу боюнча 33 арыз билдирүү түшкөн. Алардын 18и добуш сатып алууга байланыштуу, административдик ресурсту пайдалануу боюнча 10 арыз келген. Ошондой эле, шайлоо документтерин жасалмалоо боюнча 4 факты тууралуу маалымат түшкөн.

Арыздардын эң көбү Бишкектен жазылган — 20. Жалал-Абадда — 5, Ош шаарында — 4, Чүйдө — 2 жана Нарын менен Ысык-Көлдө бирден арыз түшкөн.

Бирок БШКнын мүчөсү Атыр Абрахматова укук коргоо органдарында мыйзам бузуу фактылары көп экенин айтты. Бирок азырынча ИИМ ал тууралуу толук маалымат бере элек.

«Ордо» партиясы ИИМдин аракеттерине нааразы

Анткен менен 8-сентябрда «Ордо» партиясынын өкүлдөрү Панфилов райондук ички иштер бөлүмү шайлоого жана партиянын үгүт иштерине байланыштуу документтерди талап кылып жатканын айтып, РИИБден келген катты социалдык тармакка жарыялашкан.

Партиядагылар алардын Бишкектеги жана аймактардагы штабына ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери келип, үгүтчүлөр тууралуу маалыматтарды, имараттын ижарасы боюнча келишим сыяктуу документтерди талап кылышканын билдиришкен.

Партия кийинчерээк БШК бул боюнча арыз берген. Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматова РИИБдин бул аракетин Конституцияны жана шайлоо учурунда бардык партияларга жана талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү кепилдигин бузуу деп сыпаттаган болчу.

Андан сырткары социалдык тармактарда тигил же бул партиянын шайлоочуларды сатып алууга аракет кылып жатканы, же админресурсту колдонуп дарыгерлерге, мугалимдерге «ушул партияны» шайлайсың деген басым болуп жатканы тууралуу видео, аудиолор тарап жатат.