«Алтын мафия». Чаткалда белгисиз адамдар экоактивисттерге тоскоолдук жаратты

Экоактивист Айбек Мырза Жалал-Абад облусундагы Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагында алтын казуучу компаниялардын бири дарыяны булгап жатат деген видеосун 10-сентябрда жарыялаган. Кийинчерээк Мырза жергиликтүү Экотехинспекция башкармалыгына арыз менен кайрылып, бул фактыны текшерүүнү суранган.

Posted by Aybek Myrza on Thursday, September 10, 2020

Көп өтпөй экоактивист Экотехинспекция башкармалыгынын имаратынын алдында түз эфирге чыгып, аларды күч органдары кууп чыкканын билдирген.

«Мен бул жакка келип, арызымды жазып, “чогуу барып текшерели” дедим. Бирок Мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү коркуп туруп алышты. Экотехинспекциянын жетекчиси Замир Белдибековго чалды, ал жарым сааттын ичинде келээрин айтты. Бирок ал УКМК жана ИИМдин кызматкерлери менен чогуу келип, бизди бул жактан сүрүп салды», — деген Мырза.

Айбек Мырза Чаткал районунда эл мыйзам менен эмес, «түшүнүк» менен жашап жатабы деген суроо салган. Ошондой эле, ал жергиликтүү бийлик «алтын мафиясы» менен күрөөшүүгө алы жетпей калганына ынанганын кошумчалады.

Активист президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Кубатбек Бороновго кайрылып, Чаткал районундагы кырдаалды көзөмөлгө алууну суранган.

«Силердин бул жакка эмне тиешеңер бар?»

Айбек Мырза түз эфир алып барган учурда аларга Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Самат Жолдошев белгисиз адамдар менен келип, активисттер эмне себептен ызы-чуу салганына кызыккан.

Чаткал рай.администрациясынын алдында жергиликтуу депутаттар жана алтын фирмада иштеген ишкерлер. Коруп, болушкуло, достор ! Айбек Мырза Максатбек Казакбаев Нурзат Турдукулова Торохан Жунусбеков Улукбек Карыбек Уулу

Posted by Венера Касымова on Thursday, September 10, 2020

«Эмне өзүнчө эле активист болуп жатасың? Же мен бул Чаткалда жашабай жатамынбы? Ким чакырды силерди? [...] Арыз жазасыңбы, жазбайсыңбы тез кетип кал бул жерден», — деген Жолдошев.

Кийинчерээк Мырза жана Жолдошев чырдашкан жерге башка адамдар чогулуп, активисттерге тоскоолдук кылышкан. Алардын бири «Чаткалга силердин эмне тиешеңер бар» деген суроо салган. Активисттердин айтымында, чогулгандарга алтын казуучу «Вертекс Голд Компани» компаниясынын өкүлү Тынарбек Сапарбек уулу да келген, бирок ал өзүн жарандык активист катары тааныштырган.

«Жол салынып ылай болуп жатат, цианиддин эмне тиешеси бар? Ал жерде иш жүрүп жаткандыр? Жол салганда сай ылай болобу? [...] Чаткалда маселени чече турган, Кудайга шүгүр, балдар бар. Активисттер барбыз, чечебиз», — деген ал.

Чыр болгон жерге милиция кызматкерлери келип, чогулгандарды кууп чыккан. Ал эми бул окуяга Чаткал районунун акиминин орун басары Мурат Рыспеков да күбө болгон, бирок ал чогулгандарга жолуккан эмес.

Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча экотехинспекциянын башчысы Эрмек Төлөбаев «Клоопко» активисттерден арыз түшпөгөнүн билдирди. Ошол эле учурда Төлөбаев булганган дарыяны текшерүү үчүн мекеменин инспектору барганын кошумчалады.

«Мен [Экотехинспекциянын] инспекторун жөнөттүм, “барып текшерип, көрүп кел кайсыл жерде экен” деп. Эгерде бул чын болсо ал видеого тартып акт түзөт. Ал эми бузуу аныкталса эскертүү берип, айып пул салабыз», — деди Төлөбаев.

Ошондой эле, мекеменин жетекчиси дарыянын жээгинде «Оптимум Трейд» алтын казуучу компания иштеп жатканын, бирок учурда алар ишмердүүлүгүн токтотуп турганын маалымдады.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында Чаткал районуна караштуу Айгыр-Жал жана Чакмак-Суу айылдарынын тургундары «Оптимум Трейд» компаниясына нааразычылык билдирген. Тургундардын айтымында, компания Аючачы алтын кенинде цианид колдонуп, Чаткал дарыясын булгаган.

Чырдан улам «Оптимум Трейд» өз ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болгон. Ошондой эле, алтын казуучу компания 2017-жылдан бери кетирген бузуулары үчүн айыпка жыгылганы белгилүү болгон.

«Азаттык» жергиликтүү бийликтин маалыматына таянып, Чаткал районунун аймагынан кен казуу иштерине 155 компания лицензия алганын маалымдаган. Алардын 24ү алтын казууга болсо, 120сы алтын изилдөө иштерине берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чаткал району: Тургундар Чаткал дайрасын булгап жаткан алтын казуучу компаниясына нааразы болушууда

«Жердеги жана суудагы цианид». Чаткалдыктар кытайлык компаниянын алтын өндүрүшүнө эмне үчүн каршы?

Солтон-Сарыдагы жек көрүү жана коркунуч. Кытайдан бизге, бизден Кытайга эмне керек?