Чаткал району: Тургундар Чаткал дайрасын булгап жаткан алтын казуучу компаниясына нааразы болушууда

Тургундардын нараазычылыгынан улам «Оптимум Трейд» алтын казуучу компаниясы Аючачы кенинде өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотууга мажбур болгон.

Айгыр-Жал жана Чакмак-Суу айылдарынын тургундары «Оптимум Трейд» алтын казуучу компаниясынын өкүлдөрү менен талашып-тартышып жатышканы тартылган видеосун «Клооптун» редакциясына жөнөтүшкөн. Тасмада тургундардын бири кытай компаниясынын келиши менен Чаткал дарыясы үчүнчү жолу булганганып жатканына нараазычылык билдирген.

«Силер курган тундургуч талаптарга жооп бербейт. [...] Дарыя кокустуктан булганбайт да, эки жолу болду. Бул үчүнчүсү», — дейт тасмада Саты аттуу жаран.

Ошондой эле тургундар иштерди токтотуу убада берилгенине карабастан, компания иштерди жашыруун улантып жатканына нааразы.

«Силерге ишти токтотуу [корутундусу] берилген эле го. Силер түнү иштеп жатканынарды биз видеого тартып алганбыз. [...] Эмнеге дарыяны булгап жатасынар? Лицензияны алып жаткан учурда жергиликтүү тургундардын талаптарын да аткарабыз деп убадалангансынар», — дейт тургундардын бири.

Ошондой эле тасмада «Оптимум Трейд» компаниясынын Эмил аттуу өкүлү негизги иштер токтотулганына ишендирип, бирок аларга жок дегенде чыгымдарды актоо керектигин айтат.

«Мен өзүм бул жакты казып жаткан жерим жок. Мамлекет аукцион өткөргөн, биздин компания уткан. [...] Биз жабылып жатабыз, өткөндө эле экотехинспекция келип убактылуу токтотконбуз иштерди. Бул кенде дагы бир аз алтын бар да, бизге дагы 2 күн берип турганыңарда биз чыгымдарды актап алат элек», — дейт компаниянын өкүлү.

Материал жарык көрөөр алдында «Оптимум Трейд» компаниясынын өкүлүнөн комментарий алууга жасаган аракетибизден майнап чыккан жок.

Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев «Оптимум Трейд» компаниясы Жер казынасы жөнүндө мыйзамды бир нече жолу бузганын билдирди «Клоопко» курган маегинде.

«Азыркы учурда биздин арыздын негизинде Каржы полициясы “Оптимум Трейд” компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерип жатат. Экотехинспекция бир канча жолу аларга айып пул салып, бузууларды оңдоо корутундусун берген. Бирок натыйжада дагы эле бузуулар бар», - деди Эшалиев.

Канжарбек Эшалиев кошумчалагандай, элдин нааразычылыгынан улам алтын казуучу компания азыркы учурда ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон.

Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорун көзөмөлдөгөн экотехинспекциянын башчысы Эрмек Төлөбаев «Оптимум Трейд» компаниясы бир канча жолу дарыяны булгаганын тастыктады. Анын айтымында, 2017 жылдан тарта экотехинспекция ал компанияны жалпысынан 145 миң сом айыпка жыгып, жаратылышка келтирген зыян боюнча кошумча дагы 476 миң сом доосун өндүргөн. Ошондой эле Чаткал районунун токой чарбасына кыйылган дарактар үчүн 178 миң сом компенсация төлөнүп берилген.

«Чаткал районунун администрациясы бизге 21-ноябрь күнү “Оптимум Трейд” компаниясын текшерүү өтүнүчү менен кайрылган. Алардын тундургучунан биринчи эле жолу кир суу атылып кетип жаткан жок. Азыркы учурда Каржы министрлигинен текшерүүгө корутунду алдык. Биз барып эле штраф сала албайбыз, биринчи бузууларды оңдоо талаптарын коюп эскертүү беребиз. Ушул айдын ичинде биз көзөмөлдүк текшерүү жүргүзүп, бузуулар оңдолгону же оңдолбогонун текшеребиз», — деп Төлөбаев «Клоопко» билдирди.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин сайтына ылайык, «Оптимум Трейд» компаниясы 2017 жылы Чакмак-Суу айылындагы Аючачы алтын кенин изилдөөгө болжолдуу 4 млн сомго лицензияны утуп алган. Ал эми 2018 жылы ал кенде алтын казуу иштерине лицензия алган. Лицензия 2026 жылга чейин жарактуу.

Мындан эки ай мурун экоактивист Влад Ушаков Чаткал дарыясынын жээгинде тартылган тасманы тараткан. Ал тасмада «Оптимум Трейд» компаниясынын жогоруда аталган тундургучу тартылган.