Соцтармак колдонуучулары Молдокматованы колдоп чыкты. Цветков андан 1 млн $ талап кылган

Кыргызстанда соцтармак колдонуучулары «ЯНеНою», «БудьМужиком» жана «НеНойЦветков» (ред. — кыргызча: «МенЫйлактаганЖокмун», «ЭркекБол» жана «ЦветковЫйлактаба») деген хэштегдер менен пост жарыялашууда. Алар мындай жол менен алып баруучу Ассоль Молдокматованы колдошууда. Мурдараак, орусиялык алып баруучу Артур Цветков андан «моралдык зыян» үчүн компенсация катары 1 млн доллар талап кылган.

Цветковдун айтымында, Москвада кыргызстандык жаран менен болгон пикир келишпестиктен улам Молдокматова соцтармактарда кыргыз коомчулугун ага каршы «тукурган».

«Ал түшүнүп туруп эле боорукер кыргыз элинин бир бөлүгүн мага тукуруп, биз өз алдынча чечишип алган чырды башкача кылып айтып берген. Эми мен күн сайын таңды өлүмүмдү тилеген билдирүүлөр менен тосуп жатам», — деп билдирген Цветков.

Кыргызстандык ишкер Марсель Салахунов инстаграм барагында биринчилерден болуп Молдокматованы колдогон видео кайрылуу жарыялап, башкаларды да кыргыз алып баруучусун колдоого чакырды.

«Ар бир кырдаал жана көйгөйдөн ар-намыс жана абийир менен чыгуу эркекти эркек кылат. Бул өзгөчө таанымал адамдарга тиешелүү, аларды миңдеген адамдар карап турат. Мен чыныгы эркектер үчүн “Эркек бол, ыйлактаба” аттуу челленж баштадым. Кеттик!» — деп Салахунов окурмандарына кайрылды.

Бизнесмендин челленжин кыз-келиндер дагы колдоого алышты.

«Мен аялмын жана айрым “чала эркектерден” айырмаланып, мен ыйлактабайм», — деген видео кайрылуусун коомдук ишмер жана теолог Лола Касымова да жарыялады.

Инстаграмда Салахуновдун жаңы челленжин 10дон ашуун колдонуучусу уланткан, алардын алтоосу — аялдар.

«Мен келинмин жана мен ыйлактабайм! Күйөөмдүн чоң үй-бүлөсү менен турам, 1,5 жаштагы кызым жана 3 айлык уулум бар. Акыркы жолу [качан] сейилдегеним… эсимде да жок. Алтургай мен дагы ЫЙЛАКТАБАЙМ!» — деп жазды kelinka.pozitivka логини менен колдонуучулардын бири.

Ассоль Молдокматова — Кыргызстанда белгилүү теле алып баруучу, ал жигердүү ыктыярчылык иш кылат. Буга чейин соцтармактарда Молдокматова 11-августта Москванын тез-татым жайларынын биринде чуу чыгарган Цветковдун аракеттерине нааразы болгон.

«Биз — кыргыз эли — ынтымактуу жана биримдиктүү элбиз, кыргызстандыктарды таарынтканга жол бербейбиз. Эгер сиз теле алып баруучу болуп туруп өзүңүздү тектүү москвалык деп төш кагып жатсаңыз, анда, алгач, чыныгы москвалыктар айырмаланып турган этика жана маданиятты үйрөнүп алыңыз. Эгер бул иште жеке өзүңүздө маселе бар болсо, анда биз үйрөтө алабыз», — деп жазган Молдокматова.

View this post on Instagram

МЫ-НАРОД КЫРГЫЗСТАНА ДРУЖНЫЙ И СПЛОЧЕННЫЙ! НЕ ПОЗВОЛИМ ОБИЖАТЬ КЫРГЫЗСТАНЦЕВ! ЕСЛИ ВЫ-ТЕЛЕВЕДУЩИЙ И БЬЕТЕ СЕБЯ В ГРУДЬ, ЧТО КОРЕННОЙ МОСКВИЧ, УЖ БУДЬТЕ ДОБРЫ ДЛЯ НАЧАЛА НАУЧИТЬСЯ ЭТИКЕ И КУЛЬТУРЕ, ЧЕМ В ЦЕЛОМ ОТЛИЧАЛИСЬ ИСТИННЫЕ МОСКВИЧИ ! А ЕСЛИ С ЭТИМ ДЕЛОМ У ВАС ЛИЧНО ПРОБЛЕМЫ, ТАК МЫ НАУЧИМ @vjarchi ! Сегодня я обратилась к министру иностранных дел КР Чингизу Азаматовичу Айдарбекову по поводу конфликта , произошедшего вчера в Москве. Уверена, что Мид КР не оставит без внимания подобные не толерантные действия со стороны телеведущего Цветкова , оскорбления в адрес кыргызстанца! НОТУ ПРОТЕСТА !!! Мы требуем извинений! Артур ! Видимо, вас не научили культуре, этике! Мы кыргызстанцев в обиду не дадим ! И не вам решать, когда и куда направляться гражданам КР! Вы сделали себе антипиар и эта эпопея не завершится, пока от вас не поступят извинения , так что своевременно найдите в себе силы и решительность для того, чтобы извиниться перед народом Кыргызстана! МЫ -ДОБРЫЙ И ВЕЛИКОДУШНЫЙ НАРОД! ПРИГЛАЩАЕМ ВАС В ГОСТИ И НАУЧИМ ВАС, КАК ДОСТОЙНО ОБРАЩАТЬСЯ К ПРЕДСТАВИТЕЛЯМ ДРУГОГО НАРОДА! ТОЛЕРАНТНОСТЬ ВАМ В ПОМОЩЬ!

A post shared by Assol Moldokmatova (@assol_moldokmatova) on

Молдокматова Кыргызстандын ТИМине кайрылып, Цветковдун аракеттерине көңүл бурууну суранып, аны «улутчул» деп атаган.

«Бул Артур Цветковдун жана кыргызстандыктын жаңжалы эмес, бул баарынан да толерантсыздыгын көрсөтүп аткан улутчулдун жаңжалы. Ошондуктан чымырканып туруп, бүгүн бул чырга чекит коюуга аракет кылгыла», — деп жазган Молдокматова.

Окуя болгон учурда тартылган видеодон Цветков ал жерде иштеген кыргызстандык Манап аттуу баланы сөгүп атканын көрүүгө болот. Ал ага беткапты туура эмес тагып алганын айтып эскерткени үчүн кол көтөрүп, депортация кылам деп коркуткан.

Видео чыккандан кийин Молдокматова жана башка көптөгөн Кыргызстандын белгилүү адамдары Цветковду эл алдында кечирим суроого чакырып, Манапты колдоого алышкан.

Кыргызстандык соцтармактын колдонуучулары да нааразылыктарын айтышкан. Көбүнесе алар Цветковдун соцтармактагы постторунун алдына сөгүп-саккан пикирлерин калтырышкан.

Ал эми Цветков өзү кафенин кызматкери менен элдешкенин кабарлаган. Цветков менен Манап бири-биринен кечирим сураган жолугушууга алып баруучунун адвокаты, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү, элчиликтин алдындагы миграция боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жана Мигранттарды колдоо фондунун өкүлдөрү да катышкан.

Материалдын үстүндө иштеген: Милана Щербакова.

Орусиялык теле алып баруучу Артур Цветков Ассоль Молдокматовадан 1 млн $ кун талап кылды