Орусиялык теле алып баруучу Артур Цветков Ассоль Молдокматовадан 1 млн $ кун талап кылды

Орусиялык теле алып баруучу Артур Цветков кыргыз теле алып баруучусу Ассоль Молдокматовадан 1 млн доллар кун өндүрүүнү көздөп жатат. Анын айтымында, Молдокматова соцтармактарда кыргызстандыкка кол салгандыгы үчүн кыргыз коомчулугун ага каршы «тукуруп», эми күн сайын коркутууларды алууда.

«Мен ачык төгүнгө чыгарууну жана моралдык зыян үчүн 1 млн доллар өлчөмүндө компенсация талап кылам. [...] Аял түшүнүп туруп эле боорукер кыргыз элинин бир бөлүгүн мага тукуруп, биз өз алдынча чечишип алган чырды башкача кылып айтып берген. Эми мен күн сайын таңды өлүмүмдү тилеген билдирүүлөр менен тосуп жатам», — деп билдирди Цветков.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Я буду добиваться публичного опровержения и компенсации морального вреда в размере 1 миллиона долларов. Друзья, как вы знаете, недавно в моей жизни произошёл неприятный инцидент, суть которого была исчерпана в считаные часы, однако поднятая волна продолжает проявляться до сих пор. И причина этого только в одном: третьи лица хайпуют, подвергая мою жизнь и жизни моей семьи опасности. ⠀ В августе у меня случился конфликт с работником общепита из дружественной Киргизии, который мы оперативно уладили, пожав друг другу руки. Но третьим лицам обязательно надо проехаться и хайпануть на том, что их не касается абсолютно. К сожалению, я невольно стал объектом внимания такого типа людей и теперь вынужден передвигаться с охраной и постоянно оборачиваться в толпе, ведь моей жизни ежедневно угрожают, а что ещё хуже, угрозы поступают в адрес моей семьи и близких людей. ⠀ Дело в том, что этот конфликт с сотрудником общепита подхватила одна известная в своём регионе ведущая, назвав меня нацистом. в Вышеупомянутая @assol_moldokmatova видимо, не знала значения этого слова. Тем не менее, женщина осознанно натравила на меня добрую часть братского киргизского народа, преподнеся конфликт, который мы разрешили сразу же, в таком свете, что я по сей день не встречаю ни единого утра без пожеланий смерти. ⠀ Исходя из вышеизложенного и показывая пример будущим провокаторам, я намерен привлечь к ответственности причастных за разжигание межнациональной ненависти и бессонные ночи моей семьи. ⠀ Я активно взаимодействую с молодёжью и считаю своим долгом подавать пример и бороться за справедливость. Поэтому передаю это дело в руки профессиональных юристов во главе с @advokat_elmurzaev и буду вместе с ними отстаивать законность и необходимость нести ответственность за свои призывы и действия в публичном пространстве. #vjarchi #кибербуллинг #конфликт #закон #справедливость #правда

Публикация от Vj Archiе | Артур Цветков (@vjarchi)

Анын айтымында, Молдокматова соцтармактарда «улуттар аралык жаңжалды козутуу» менен мыйзам бузууда.

«Мен жаштар менен жигердүү кызматташам жана үлгү болуп, адилетсиздик үчүн күрөштү милдетим деп эсептейм. Ошондуктан бул ишти адискөй юристтерге тапшыруудамын жана алар менен бирге мыйзамдуулуктун сакталышын жана коом алдындагы аракеттери менен чакырыктары үчүн жоопкерчилик тарта билүү керектигин жактайм», — деди Цветков.

Ассоль Молдокматова да Кыргызстанда ыктыярчылык иш кылган белгилүү теле алып баруучу. Буга чейин соцтармактарда Молдокматова 11-августта Москванын тез-татым жайларынын биринде чуу чыгарган Цветковдун аракеттерине нааразы болгон.

«Биз — кыргыз эли — ынтымактуу жана биримдиктүү элбиз, кыргызстандыктарды таарынтканга жол бербейбиз. Эгер сиз теле алып баруучу болуп туруп өзүңүздү тектүү москвалык деп төш кагып жатсаңыз, анда, алгач, чыныгы москвалыктар айырмаланып турган этика жана маданиятты үйрөнүп алыңыз. Эгер бул иште жеке өзүңүздө маселе бар болсо, анда биз үйрөтө алабыз», — деп жазган Молдокматова.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

МЫ-НАРОД КЫРГЫЗСТАНА ДРУЖНЫЙ И СПЛОЧЕННЫЙ! НЕ ПОЗВОЛИМ ОБИЖАТЬ КЫРГЫЗСТАНЦЕВ! ЕСЛИ ВЫ-ТЕЛЕВЕДУЩИЙ И БЬЕТЕ СЕБЯ В ГРУДЬ, ЧТО КОРЕННОЙ МОСКВИЧ, УЖ БУДЬТЕ ДОБРЫ ДЛЯ НАЧАЛА НАУЧИТЬСЯ ЭТИКЕ И КУЛЬТУРЕ, ЧЕМ В ЦЕЛОМ ОТЛИЧАЛИСЬ ИСТИННЫЕ МОСКВИЧИ ! А ЕСЛИ С ЭТИМ ДЕЛОМ У ВАС ЛИЧНО ПРОБЛЕМЫ, ТАК МЫ НАУЧИМ @vjarchi ! Сегодня я обратилась к министру иностранных дел КР Чингизу Азаматовичу Айдарбекову по поводу конфликта , произошедшего вчера в Москве. Уверена, что Мид КР не оставит без внимания подобные не толерантные действия со стороны телеведущего Цветкова , оскорбления в адрес кыргызстанца! НОТУ ПРОТЕСТА !!! Мы требуем извинений! Артур ! Видимо, вас не научили культуре, этике! Мы кыргызстанцев в обиду не дадим ! И не вам решать, когда и куда направляться гражданам КР! Вы сделали себе антипиар и эта эпопея не завершится, пока от вас не поступят извинения , так что своевременно найдите в себе силы и решительность для того, чтобы извиниться перед народом Кыргызстана! МЫ -ДОБРЫЙ И ВЕЛИКОДУШНЫЙ НАРОД! ПРИГЛАЩАЕМ ВАС В ГОСТИ И НАУЧИМ ВАС, КАК ДОСТОЙНО ОБРАЩАТЬСЯ К ПРЕДСТАВИТЕЛЯМ ДРУГОГО НАРОДА! ТОЛЕРАНТНОСТЬ ВАМ В ПОМОЩЬ!

Публикация от Assol Moldokmatova (@assol_moldokmatova)

Молдокматова да Кыргызстандын ТИМине кайрылып, Цветковдун аракеттерине көңүл бурууну суранып, аны «улутчул» деп атаган.

«Бул Артур Цветковдун жана кыргызстандыктын жаңжалы эмес, бул баарынан да толерантсыздыгын көрсөтүп аткан улутчулдун жаңжалы. Ошондуктан чымырканып туруп, бүгүн бул чырга чекит коюуга аракет кылгыла», — деп жазган Молдокматова.

Окуя болгон учурда тартылган видеодон Цветков ал жерде иштеген кыргызстандык Манап аттуу баланы сөгүп атканын көрүүгө болот. Ал ага беткапты туура эмес тагып алганын айтып эскерткени үчүн кол көтөрүп, депортация кылам деп коркуткан.

Видео чыккандан кийин Молдокматова жана башка көптөгөн Кыргызстандын белгилүү адамдары Цветковду эл алдында кечирим суроого чакырып, Манапты колдоого алышкан.

Окуяга Цветков иштеп кеткен MTV Россия телеканалынын жетекчиси Яна Чурикова да комментарий берген. Ал дагы Цветковдон кечирим суроосун талап кылып, анын жоругун «орунсуз» деп атаган.

Кыргызстандык соцтармактын колдонуучулары да нааразылыктарын айтышкан. Көбүнесе алар Цветковдун соцтармактагы постторунун алдына сөгүп-саккан пикирлерин калтырышкан.

Ал эми Цветков өзү кафенин кызматкери менен элдешкенин кабарлаган. Цветков менен Манап бири-биринен кечирим сураган жолугушууга алып баруучунун адвокаты, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү, элчиликтин алдындагы миграция боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жана Мигранттарды колдоо фондунун өкүлдөрү да катышкан.

Материалдын үстүндө иштегендер: Милана Щербакова жана Амина Кадралиева.

ТЕМА БОЮНЧА:

Москвада кыргыз мигрантын ашата сөккөн алып баруучу кечирим сурап, тараптар жарашты

«Депортациялаймын». Москвада теле алып баруучу кыргыз мигрантын ашата сөктү