Дастан Жумабеков. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова Таласта жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген төрага Дастан Жумабековду же «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү боюнча сунушун БШКнын мүчөлөрү кароодон баш тартты.

Учурдагы парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков 14-сентябрда Таласка болгон сапары учурунда жаңы төрөгөн келин уулуна Дастан деп ат койгону үчүн сүйүнчү иретинде 50 миң сом берген. Анын акча берип жаткан учуру тартылган сүрөттөр социалдык тармактарга жарыяланып, кийин өчүрүлгөн. 

«Кыргызстан» партиясы 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ар бир төрөлгөн балага сүйүнчү пул катары 50 миң сомдон берилерин убадалаган. Бирок бул иш жүзүнө ашкан эмес.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/posts/3573616626034100

Абдрахматова Жумабековдун аракети шайлоо жөнүндөгү мыйзамды бузуу болуп саналарын, атап айтканда Административдик ресурсту колдонуу жана үгүт иштери учурунда өз укуктарынан аша чаап колдонууга жатарын белгилеген. Ошондой эле, бул фактыны БШКнын күн тартибине киргизип кароону сунуштаган. Бирок Боршайкомдун 8 мүчөсү каршы добушун берип, маселе күн тартибине киргизилген эмес.

Спикердин маалымат катчысы Жоомарт Максатбеков «Азаттыкка» төрага акчаны үй-бүлөсүнүн атынан бергенин билдирген. Эми анын юридикалык жагын юристтер менен кеңешерин айткан.

*«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, шайлоо дайындалган учурдан тартып анын натыйжалары жарыяланганга чейин талапкерлер же алардын жакын туугандары кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укугу жок.

«Кыргызстан» партиясынын талапкерлери буга чейин дагы үгүт иштери учурунда кайрымдуулук менен алектенген. Мисалы аталган партиядан талапкер Нурбек Алимбеков Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баргы айылынын жолуна асфальт төшөө үчүн 1,5 млн сом бөлгөн.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иштери 4-сентябрда башталган жана 3-октябрда аяктайт.