Кара-Суу: «Кыргызстандын» талапкери шайлоо алдында айыл жолуна асфальт төшөп берди

Нурбек Алимбеков

«Кыргызстан» партиясынын депутаты жана кезектеги парламенттик шайлоого талапкер Нурбек Алимбеков Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баргы айылынын жолуна асфальт төшөө үчүн 1,5 млн сом бөлдү. Бул тууралуу фейсбук колдонуучулардын бири Исхак Ибраимов билдирди.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=762091324358370&id=100016725283508

«Жергиликтүү эл ыраазычылыктарын айтып кубанып турушат. Буга чейин да көпчүлүк айыл элинин арыз муңдарын угуп, жол маселелерин чечип берип келген», — деп жазган Ибраимов.

Ибраимов фейсбук профилинде «Кыргызстан» партиясында иштейт деп көрсөтүлгөн. Ал эми Алимбеков кайрымдуулук жасаганы тууралуу постту 2-сентябрда чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясынан «Клоопко» Алимбековдун аракети «кайрымдуулук иштери» катары бааланып калышы мүмкүн деп билдиришти.

*«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, шайлоо дайындалган учурдан тартып анын натыйжалары жарыяланганга чейин талапкерлер же алардын жакын туугандары кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укугу жок.

«Эгерде ал кайрымдуулукту талапкер болгондон тарта жасаган болсо — бул мыйзам бузуу болуп эсептелет. [...] Ал [саясий партиялардын] съездинде бекитилген талапкерлердин тизмесине киргенден тарта талапкер болуп эсептелинет», — деп түшүндүрүштү БШКдан.

Ошол эле учурда БШКдан Алимбековдун кайрымдуулук иш-чарасында мыйзам бузуу бар-жогун текшерүү үчүн арыз менен Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна кайрылуу керектигин билдиришти.

Анткен менен БШК ырчы Бек Борбиевдин буга чейин соцтармактарга тараган «Мекеним Кыргызстан» аттуу клибинде «үгүттүн белгилерин» аныктап, ага 7,5 миң сом айып пул салган. Бирок Боршайкомго эч ким арыз менен кайрылган жок.

Талапкер Алимбеков «Кыргызстандын» талапкер тизмесинде үчүнчү орунда — анын алдында партиянын лидери Канат Исаев жана депутат Талант Мамытов жайгашкан. Нурбек Алимбеков Жогорку Кенештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы.

Буга чейин Алимбеков Жогорку Кеңештин вице-спикери кызматынан кол жууган. Буга 2016-жылдын декабрында эл өкүлү Тайванга барганы себеп болгон — ошол учурдагы спикер Чыныбай Турсунбековдун айтымында, Алимбековдун бул сапары «Кытай менен болгон достук келишимге каршы келген».

*Кыргызстан Кытай менен 2002-жылдын июнунда ынтымактуу коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, кыргыз бийлиги Тайвандын Кытайдан көз карандысыздыгын тааныбашы керек.